
«Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик компаниясы жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.
Мекеме тараткан маалыматка караганда, Бишкек шаары менен Чүй облусунда электр энергиясынын суткалык керектөөсү белгиленген өлчөмдөн бир кыйла ашып кеткен. Эгер, режим сакталбаса, авариялык кырдаал келип чыгышы мүмкүн. Мындан улам ишкана жарандарды эртең менен саат жетиден, тогузга чейин жана кечинде жетиден, тогузга чейин электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.
«Бишкек шаарында электр энергиясынын күнүмдүк керектөөсү 9,6 миллион киловат-саатка жеткен. План боюнча 6,8 миллион киловат-саат болушу керек. Чүйдө план боюнча 7,06 миллион килова-саат болсо, керектөө 8,2 миллион киловат-саатты түздү», —деп айтылат билдирүүдө.
Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстан Түркмөнстан менен Казакстандан электр жарыгын сатып алып жатканын билдирген. Анын сөзүнө караганда, Кыргызстан 2022-жылы 16,2 миллиард киловат-саат электр энергиясын керектейт. Өлкө ГЭСтерден 11 миллиард 500 миллион киловат-саат электр энергиясы, Бишкек Жылуулук электр борборунан 2 миллиард электр жарыгы өндүрүлөт. Калган 3 миллиард киловат-саат электр энергиясы чет жактан импорттолот.
Оставьте первый комментарий