Акыйкатчы институту: Сооронкулова менен Карасартова «массалык башаламандыкка» шектелип жатат

Укук коргоочу Рита Карасартова менен саясатчы Клара Сооронкулова «Массалык башаламандыкка» шектелип жатат. Бул тууралуу 23-октябрда акыйткатчы Атыр Абдрахматова «Т-Медиага» билдирди.

Анын сөзүнө караганда, интитуттун кызматкерлери Рита Карасартова менен жолуккан.

«Буга чейин Кемпир-Абад маселеси боюнча чыккандарды бийликтегилер ачык эле коркутуп, «каматабыз» дегени баарыбызга маалым. Бүгүн сөздөн ишке өткөндөрүн көрүп атабыз. Таң атпай активисттердин үйүнө барып, тинтүү өткөрүлгөн. Аларды ички иштер бөлүмдөрүнө алып кетип жатышат. Институттун кызматкерли «Алардын эч бирине күч колдонулган жокпу? Мыйзам бузуулар барбы же жокпу? Кайсы беренелер боюнча сурап жатат?» деген суроолорду тактап жатышат. Мисалы, Рита Карасартовага массалык башаламандыкты уюштуруу беренеси менен айып тагып жатышыптыр. Клара Сооронкуловага чалсам өзү суракта экен, кичинекей баласы телефон алып жатат. Саясий плюрализм болуш керек. Ар бир жаран мамлекеттик башкарууга укуктуу. Мамлекет жарандардан, элден турат. Мамлекеттик органдардын элге каршы иштегени болбойт да», -дейт Абдрахматова. 

 

23-августтун таңында социалдык тармактарда «Кемпир-Абадды коргоо» комитетинин мүчөлөрүнүн үйү тинтүүгө алынганы кабарланды. Ички иштер министрлиги бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Бир күн мурда Равшан Жээнбеков 15-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык «Кемпир-Абадды коргоо» комитети түзүлгөнүн билдирген. Ага саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар мүчө болушкан.

Кемпир -Абад: Өзгөндөгү жөө жүрүш, курултай

21-октябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб жана Кызыл-Октябрь айылдарынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өткөрүштү. Алар колдоруна «Кемпир-Абад калсын!», «Кемпир-Абад берилбесин!», «Кемпир-Абад түштүктүн Ысык-Көлү!» деген жазууларды, Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгышкан.

Бир күн мурда президент Садыр Жапаров, УКМКнын Камчыбек Ташиев баш болгон бийлик жетекчилери Кемпир-Абад боюнча жарандык активисттер, жергиликтүү тургундар менен Бишкекте, президенттик администрациянын имаратында жабык жыйында жолугушкан.

Президенттин катышуусундагы ушундай эле жабык жыйын 4-октябрда Өзгөн районунда болгон. 

15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Курултай өткөн Кызыл-Октябрь айылынын эки аксакал тургуну 18-октябрда райондук милицияда суракка чакырылганы айтылган. Суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айткандар Кызыл-Октябрь айылында былтыртан бери нааразылык акцияларын өткөрүп келе жатышат.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде да кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берип жатып, талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

22-октябрда мамлекет башчысы кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча дагы түшүндүрмө берди. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Ал 1965-жылы Өзбекстан суу басып калган жердин ордуна компенсация катары берген 4127 гектар жерге кайсы айылдар салынганын тизмектеген. Ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычынын суусу кургап кетпестигин айтып, 70 жылдан бери суу басып жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын, элдин 99% кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди колдой турганына ишенерин кошумчалаган.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага да ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган. Атайын кызматтын башчысы Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айткан. Суунун деңгээлин 908 горизонталдан 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалаган.

Автор Т-медиа 12140 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*