Кемпир-Абад: айрым активисттер эки суткага камакка алынганы кабарланды

Укук коргоочу Эркин Мукаш  күч органдары бир катар саясатчылар менен активисттерди эки күнгө камакка алганын кабарлады. Ошондой эле ал кармалгандардын тизмесин жарыялады.

Алардын ичинде саясатчы Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активисттер Али Шабдан, Таалай Мадеминов, Улугбек Маматаев, Перизат Суранова жана Эрлан Бекчоро уулу бар.

Бир нече саат мурун адвокат Замир Жоошев экс-депутат Равшан Жээнбеков убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кабарлаган. Бирок бул маалымат расмий ырастала элек.

23-октябрда эртең менен социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси боюнча бир катар саясатчы жана активисттердин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, айрымдары ИИМ башкармалыктарына жеткирилгени кабарланган. Омбудсмен Атыр Абдрахматова Акыйкатчы институтунун кызматкерлери ишти көзөмөлгө алганын билдирди.

Ички иштер министрлиги кармоолор «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында болуп жатканын түш оогондо кабарлады. Маалыматта кылмыш ишинин алкагында айрым адамдардын массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганы айтылат.

Бир күн мурда Равшан Жээнбеков 15-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык «Кемпир-Абадды коргоо» комитети түзүлгөнүн билдирген. Ага саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар мүчө болушкан.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*