Он бешке жакын активист менен саясатчылардын 48 саатка камалганы айтылууда

Бүгүн, 23-октябрда Бишкекте жыйырмага жакын оппозициялык саясатчы жана активисттердин жашаган үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, айрымдары милицияга суракка чакыртылып, ондон ашууну эки суткага камалгандыгы айтылууда.

Алардын адвокаттары менен такай байланышта болуп, кабар алып турган укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маалыматына караганда, саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков, активисттер Эрлан Бекчоро, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Гулнара Журабаева, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова 48 саатка кармалды. Ал эми журналист Канышай Мамыркулова милицияга сурак берип чыккан.

Мындан сырткары социалдык тармактарда журналист Айданбек Акматов, саясатчылар Канат Исаев, Азимбек Бекназаров, активист Айбек Бусурманкулов милицияда сурак берип жатканы кабарланууда. Бирок бул маалыматтар азырынча расмий ырастала элек.

Ал эми  Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жаткандыгын жана атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым жарандардын массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын билдирди.
ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Ал арада, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында камакка алынган саясатчылар менен активисттерди колдоо митинги да болуп өттү.

Анда шаардык милициянын имаратынын алдында 30га чукул адам чогулду. Митингдин катышуучулары “Саясий куугунтукка жол жок”, “Мыйзамсыздыкка жол жок” жана “Саясий туткундарга эркиндик!” деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп турушту.

Бул арада Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Тазабек Икрамов, Исхак Масалиев саясатчы, активисттердин үйүн тинтип, кармоону сындап чыгышса, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов оппозициялык саясатчы, активисттердин үйү тинтилип жатканы боюнча видео кайрылуу жасады.

Анда Байсалов күч органдарынан тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керектигин жана өлкөдө демократиянын принциптери менен шайланган президент, парламент мыйзамдуу иш алып барып жатканын белгилеген.

Эске салсак, мындан бир күн мурун бир катар саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүшкөнүн жарыялаган. Анын алдында Ош облусунун Өзгөн районунда атайын жөө жүрүш дагы болуп өтткөн.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*