
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев активисттер менен саясатчылардын массалык кармалышына байланыштуу пикирин билдирди. Ал видео билдирүүсүн «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды.
Текебаев Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова мыйзам бузууга барбай турганына ишенерин айтат.
«Асия Сасыкбаева, Перизат Суранова, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкуловаларды оор кылмышка шектеп 48 саатка камакка алыптыр. Мен жакында эле Бишкектен келдим. Гүлнара, Асия, Перизат менен да жолуккам. Алардын ниетин, иш пландарын жакшы билем. Алар мыйзамды сыйлаган, ага каршы чыкпаган адамдар. Алар Кыргызстандын кызыкчылыгы, элдин укугу үчүн жанын берүүгө даяр адамдар. Муну алар өзүнүн басып өтөн жолу, өмүр жолу менен далилдешкен».
Ал ошондой эле үйү тинтүүгө алынып, суракка алынган саясатчы, активисттерди үй камагына чыгарып ишти ар тараптуу тергөөгө чакырды.
«Мен Кыргызстандын Европа өлкөсүндөгү элчисимин. Европа Кыргызстанды эгемен эли, эркин, күжүрмөн граждандык колу жана намыстуу жарандары бар өлкө катары билет экен. Бул — биздин улуттук байлыгыбыз. Коркутуп, үркүтүү, кармоо, камоо, зордоо туура эмес жол деп эсептейм. Бул жакшылыкка эмес, туңгуюкка алып барат. Муну биздин акыркы отуз жылдык тарыхыбыз көргөздү. Бийлик ойлонуп, кармалгандарды бүгүн-эртең үйүнө коюп жиберет деп ойлойм. Ал эми козголгон иш андан нары дыкат, кылдаттык менен иликтене берсин. Сот адилеттүү чечим чыгарсын, күнөлүүлөр жазасын алсын. Мына ошондо гана эл ынанып, тынчтанат», — деди Текебаев.
23-октябрда эртең менен социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси боюнча бир катар саясатчы жана активисттердин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, айрымдары ИИМ башкармалыктарына жеткирилгени кабарланды. Омбудсмен Атыр Абдрахматова Акыйкатчы институтунун кызматкерлери ишти көзөмөлгө алганын билдирди.
Ички иштер министрлиги кармоолор «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында болуп жатканын түш оогондо кабарлады. Маалыматта кылмыш ишинин алкагында айрым адамдардын массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганы айтылат.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова жалпы 18 адамдын үйү тинтилип, айрымдары милицияда сурак берип жатканын айтууда.
Укук коргоочу Эркин Мукаш саясатчы Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активисттер Али Шабдан, Таалай Мадеминов, Улугбек Маматаев, Перизат Суранова жана Эрлан Бекчоро уулу 48 саатка кармалганын жазды. Бирок бул маалымат расмий ырастала элек.
Бир күн мурда Равшан Жээнбеков 15-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык «Кемпир-Абадды коргоо» комитети түзүлгөнүн билдирген. Ага саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар мүчө болушкан.
Кемпир-Абад: Өзгөндөгү жөө жүрүш, курултай
21-октябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб жана Кызыл-Октябрь айылдарынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өткөрүштү. Алар колдоруна «Кемпир-Абад калсын!», «Кемпир-Абад берилбесин!», «Кемпир-Абад түштүктүн Ысык-Көлү!» деген жазууларды, Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгышкан.
20-октябрда президент Садыр Жапаров, УКМКнын Камчыбек Ташиев баш болгон бийлик жетекчилери Кемпир-Абад боюнча жарандык активисттер, жергиликтүү тургундар менен Бишкекте, президенттик администрациянын имаратында жабык жыйында жолугушкан.
Президенттин катышуусундагы ушундай эле жабык жыйын 4-октябрда Өзгөн районунда болгон.
15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Курултай өткөн Кызыл-Октябрь айылынын эки аксакал тургуну 18-октябрда райондук милицияда суракка чакырылганы айтылган. Суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айткандар Кызыл-Октябрь айылында былтыртан бери нааразылык акцияларын өткөрүп келе жатышат.
10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган.
Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде да кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берип жатып, талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.
22-октябрда мамлекет башчысы кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча дагы түшүндүрмө берди. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Ал 1965-жылы Өзбекстан суу басып калган жердин ордуна компенсация катары берген 4127 гектар жерге кайсы айылдар салынганын тизмектеген. Ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычынын суусу кургап кетпестигин айтып, 70 жылдан бери суу басып жатканын белгиледи.
Садыр Жапаров келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын, элдин 99% кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди колдой турганына ишенерин кошумчалаган.
Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага да ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган. Атайын кызматтын башчысы Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айткан. Суунун деңгээлин 908 горизонталдан 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалаган.
Оставьте первый комментарий