
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов саясатчылар менен жарандык активисттердин үйү тинтилип, кармалышы боюнча үн катты. Анын видеокайрылуусу «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырылды.
Байсалов укук коргоо органдары башаламандык, тартипсиздиктерге баруунун алдын алуу үчүн тергөө амалдары жүргүзүп жатканын айткан. Ал элдин кызыкчылыгы үчүн бийлик көп иштерди жасап жатканын айтып, «башаламандыкка үндөгөндөрдү ээрчибегиле» деген оюн билдирген.
«Укук коргоо органдары «булар уюшуп алып, кандайдыр бир жаңы төңкөрүш, башаламандык уюшутуруп жатат. Ошонун алдын алуу аракети» дешти. Бардык фактыларды күтүп туралы. Биздин өлкөдө демократиянын принциптери менен шайланган президент, парламент бар. Тартипсиздикке чакыргандарды ээрчибегиле».
23-октябрда эртең менен социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси боюнча бир катар саясатчы жана активисттердин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, айрымдары ИИМ башкармалыктарына жеткирилгени кабарланган.
Омбудсмен Атыр Абдрахматова Акыйкатчы институтунун кызматкерлери ишти көзөмөлгө алганын билдирди.
Ички иштер министрлиги кармоолор «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында болуп жатканын түш оогондо кабарлады. Маалыматта кылмыш ишинин алкагында айрым адамдардын массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганы айтылат.
Бир күн мурда Равшан Жээнбеков 15-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык «Кемпир-Абадды коргоо» комитети түзүлгөнүн билдирген. Ага саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар мүчө болушкан.
Кемпир-Абад: Өзгөндөгү жөө жүрүш, курултай
21-октябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб жана Кызыл-Октябрь айылдарынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өткөрүштү. Алар колдоруна «Кемпир-Абад калсын!», «Кемпир-Абад берилбесин!», «Кемпир-Абад түштүктүн Ысык-Көлү!» деген жазууларды, Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгышкан.
20-октябрда президент Садыр Жапаров, УКМКнын Камчыбек Ташиев баш болгон бийлик жетекчилери Кемпир-Абад боюнча жарандык активисттер, жергиликтүү тургундар менен Бишкекте, президенттик администрациянын имаратында жабык жыйында жолугушкан.
Президенттин катышуусундагы ушундай эле жабык жыйын 4-октябрда Өзгөн районунда болгон.
15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Курултай өткөн Кызыл-Октябрь айылынын эки аксакал тургуну 18-октябрда райондук милицияда суракка чакырылганы айтылган. Суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айткандар Кызыл-Октябрь айылында былтыртан бери нааразылык акцияларын өткөрүп келе жатышат.
10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган.
Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде да кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берип жатып, талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.
22-октябрда мамлекет башчысы кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча дагы түшүндүрмө берди. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Ал 1965-жылы Өзбекстан суу басып калган жердин ордуна компенсация катары берген 4127 гектар жерге кайсы айылдар салынганын тизмектеген. Ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычынын суусу кургап кетпестигин айтып, 70 жылдан бери суу басып жатканын белгиледи.
Садыр Жапаров келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын, элдин 99% кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди колдой турганына ишенерин кошумчалаган.
Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага да ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган. Атайын кызматтын башчысы Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айткан. Суунун деңгээлин 908 горизонталдан 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалаган.
Оставьте первый комментарий