
Билим берүү жана илим министрлиги Ош шаарында мектеп директорлорун тандоо сынагынын экинчи айлампасынын жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, 27 талапкердин арасынан компьютердик тестирлөөнү 16сы ийгиликтүү тапшырган.
Сынак 21-октябрда Ош мамлекеттик университетинде өттү. Алгач конкурска катышуу үчүн 42 талапкер документ тапшырган. Анын ичинен 12си талапка туура келген эмес, үчөө тестирлөөгө келбей койгон.
Ош шаарында конкурстун биринчи этабында 31 талапкердин 14ү босого баллдан өткөн.
Быйыл 12-июлда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка кол коюлган. Анын негизинде бир мектепте беш жылдан көп убакыттан бери иштеп келген директорлор кызматтан алынган. Өлкөдө жалпы миңге чукул мектеп жетекчиси конкурстук негизде кайрадан дайындалмай болду.
Август айында бардык облустарда мектеп директорлорун тандоо сынактары башталган. Бирок көпчүлүк талапкерлер тесттен өтө албай, бош орундар толукталган жок. Мындан улам конкурстун экинчи айлампасы өткөрүлүп жатат.
Сынакта беш багыт боюнча 80 суроо берилет. Талапкерлерге тесттен өтүүгө бир жарым саат бөлүнгөн. Бул убакыт ичинде жалпы суроолордун 60% же андан көбүнө жооп берген талапкерлер тестти ийгиликтүү тапшырган болот. Бир бош орунга бир нече жаран тест тапшырса, алардын босого пайыздан өткөндөрүнүн ичинен эң жогору упай алганы гана директорлукка тандалат. Эгер эки таапкердин баллы бирдей болуп калса аларга кайрадан тестирлөө өтөт.
Кайсы аймакта мектеп директорлору беш жылдан ашык иштеген? Инфографика
Оставьте первый комментарий