
22-октябрда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбековду Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангынан ажыраткан жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын сайтында жарыяланган.
Бул маалыматтан соң социалдык тармактын айрым колдонуучулары ранг өмүр бою бериле турганын жазып чыгышты.
Биз Чыңгыз Айдарбековдун рангынан ажыратуунун мыйзамдуулугун текшердик.
«Өмүр бою берилет»
Кыргыз Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу кичи элчиси жогорку дипломатиялык рангдарын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык, дипломатиялык ранг өмүр бою ыйгарыла турганы көрсөтүлгөн (21 жана 27 берене).
Ал эми президент кол койгон жарлыкта Чыңгыз Айдарбековду дипломатиялык рангдан ажыратуунун себеби катары анын «дипломат деген жогорку наамды дискредитациялаганы» айтылат .
«Президент беш тартиптик чараны аттап өткөн»
Юрист Асылбек Куңгуров президент беш тартиптик чарадан аттап өткөнүн белгилөөдө.
«Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы өмүр бою деп жазылып турат. Айдарбековдун мисалында бул бат эле алынып калды. Анткени ажыратканга чейин тартиптик чаралар колдонулат. Эскертүүлөр, сөгүштөр берилет. Андан кийин гана кызмат ордун же дипломатиялык рангын/класстык ченин төмөндөтүү каралат. Министрлер кабинетине жиберет. Ошондон кийин гана ажыратылат. Ал эми Чыңгыз Айдарбеков болсо көптөн бери иштебейт. Президент кол койгон жарлыкта кайсыл тартиптик жазасы үчүн ажыратылып жатканы, кайсыл негизде экени жазылган эмес», — дейт Кунгуров.
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө жобонун 27-беренесинде Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин жоопкерчилиги төмөнкүдөй каралган. Анда дипломатиялык кызматтын кызматкерлери укук бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жана шарттарда жазыктык, административдик, тартиптик жана/же материалдык жоопкерчилик тартышат.
Ошондой эле дипломаттык кызматтын кызматкерлерине карата өз милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай аткарбаганы үчүн төмөнкүдөй тартиптик жазалар колдонулат:
- эскертүү;
- сөгүш;
- катуу сөгүш;
- кызматка толук ылайык келбегени жөнүндө эскертүү;
- кызмат ордун же дипломатиялык рангын/класстык ченин төмөндөтүү;
- дипломатиялык рангынан/класстык ченинен ажыратуу;
- тартиптик жаза чарасы катары ЧУИ Кыргыз Республикасына мөөнөтүнөн мурда чакырып алуу;
- иштен бошотуу.
Демек, дипломатиялык ранг өмүр бою берилет, андан ажыратуу тартиптик жазанын этаптары менен аткарылат.
Эске салсак: буга чейин Чыңгыз Айдарбековду Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагалыгынан алуу боюнча добуш берүү учурунда да кеминде үч мыйзам бузууга жол берилип, бул чечимдин мыйзамдуулугуна шек туудурган.
Жыйынтык: президент жарлыкта беш тартиптик жазадан аттап өтүп, Чыңгыз Айдарбековду рангдан ажыраткан. Мыйзамга ылайык, дипломатиялык ранг өмүр бою берилери чын.
Оставьте первый комментарий