Кемпир-Абад: жалпы 21 саясатчы, активист кармалды

23-октябрда Ички иштер министрлиги жалпы 21 саясатчы жана жарандык активистти кармаганы белгилүү болду. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.

Кармалгандардын 20сы 48 саатка Бишкектеги жана Чүйдөгү убактылуу кармоочу жайларга киргизилип, бири бир айга камалды. Алар:

  1. Таалай Мадеминов;
  2. Эрлан Бекчоро уулу;
  3. Асия Сасыкбаева;
  4. Кеңешбек Дүйшөбаев;
  5. Рита Карасартова;
  6. Атай Бейшенбек;
  7. Клара Сооронкулова;
  8. Азимбек Бекназаров;
  9. Жениш Молдокматов;
  10. Бектур Асанов;
  11. Нурлан Асанбаев;
  12. Гүлнара Журабаева;
  13. Равшан Жээнбеков;
  14. Улугбек Маматаев;
  15. Перизат Суранова
  16. Чыңгыз Капаров;
  17. Али Шабдан уулу;
  18. Талант Эшалиев;
  19. Айданбек Акматов;
  20. Айбек Бузурманкулов
  21. Саясатчы Канат Исаев бир айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Мындан сырткары, журналист Канышай Мамыркулова Бишкек милициясына сурак берип чыккан.

Укук коргоочу, активисттердин массалык кармалышы

Бишкекте 23-октябрда жыйырмага жакын оппозициялык саясатчы жана активисттердин жашаган үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, айрымдары милицияга суракка чакыртылды. Алардын көпүлүгү, 22-октябрда түзүлгөн “Кемпир-Абадды коргоо” комитетинин мүчөлөрү.

Кийинчерээк Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы учурда «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгын билдирген. Айрым жарандардын бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын кабарлады.

ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдаган.

Бул арада Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Тазабек Икрамов, Исхак Масалиев саясатчы, активисттердин үйүн тинтип, кармоону сындап чыгышса, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов оппозициялык саясатчы, активисттердин үйү тинтилип жатканы боюнча видео кайрылуу жасады. Анда Байсалов күч органдарынан тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керектигин жана өлкөдө демократиянын принциптери менен шайланган президент, парламент мыйзамдуу иш алып барып жатканын белгилеген.

Эске салсак, мындан бир күн мурун бир катар саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүшкөнүн жарыялаган. Анын алдында Ош облусунун Өзгөн районунда атайын жөө жүрүш дагы болуп өтткөн.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1345 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*