Жогорку Кеңешке жаңы аппарат жетекчиси дайындалды

Жогорку Кеңештин жаңы аппарат жетекчиси болуп Шабданбек Алишев дайындалды. Тескемеге парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев 24-октябрда кол койду. 

Шабданбек Алишев президенттин администрациясынын Тышкы саясат бөлүмүндө эмгектенген. Жогорку Кеңештин Төрагасынын кеңешчиси, жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директорунун орун басары болгон.

Парламент аппаратын буга чейин Бакытбек Мажитов жетектеп турган.

Талант Мамытов Жогорку Кеңеш төрагалыгын тапшыргандан кийин 5-октябрда Нурланбек Шакиев бул кызматка дайындалган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1469 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*