
Whatsapp группаларда жана социалдык тармактарда АКШда балдар ооруканалары бейтаптарга толуп кеткени айтылган маалыматтар тарады.
Мындан сырткары бир нече ЖМКлар да бул тууралуу материалдарды жазып чыгышкан.
T-media маалыматтын чын-бышыгын текшерди.
Соц. тармакта Lenta.ru басылмасынын «АКШнын балдар ооруканалары дем алуу жолдорунун вирусуна толуп кетти» деген аталыштагы макаласы тараган. Ал 21-октябрда жарыяланып, The Hill басылмасына шилтеме берилген.
Анда Хартфорддогу Коннектикут медициналык мекемеси бейтаптардын көптүгүнөн улам ашыкча жүктөм менен иштеп жатканы, дарыгерлер Улуттук гвардия жана Өзгөчө кырдаалдардын федералдык агенттиги (FEMA) менен бейтаптарды кабыл алуу үчүн чатыр орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы белгиленген.
Ооруканалардын биринин дарыгери Хуан Саласардын айтымында, кайрылгандардын саны сентябрдын башында өсө баштап, дароо көбөйүп кеткен. Нью-Хейвендеги балдар ооруканасында аталган дарттын түрү менен акыркы жумада эле кайрылгандардын саны 57ден дароо 106га өскөн.
Коронавирус менен ооругандарды кабыл алган медициналык жайларга да күнүнө үчтөн кем эмес бөбөк түшүп жатканы кошумчаланган.
Ал эми Washington Post басылмасы 20-октябрда Колумбия округундагы ооруканалар бир нече жумадан бери толуп, бейтаптар тез жардам бөлүмдөрүндө топтолуп, респиратордук оорулардын күчөшү кызматкерлердин жетишсиздигин жана педиатриялык керебеттердин кыскарышын күчөтүп жатканын жазган.
«Сиз ата-энени карап, балаңыз интенсивдүү терапия бөлүмүнө муктаж, камкордук керек деп айтып, бирок ошол эле учурда бизде ага керебет жок дейсиз бул абдан кыйын сүйлөшүү», — деди София Тефери, МедСтар Монтгомери медициналык борборунун педиатры.
Эксперттер бул эки жыл мурун коронавирус пандемиясынын кесепеттеринен болушу мүмкүндүгүн божомолдошууда. Анткени алдын алуу чаралары күчөп турган убакта балдардын иммундук системалары дем алып, быйыл оору менен күрөшүүгө даяр эмес болуп жатышы мүмкүн. Алардын айтымында, пандемия болбосо да айрым вирустар кээ бир убактарда коркунуч жаратат.
Ал эми, NBC телеканалынын маалыматы боюнча, респиратордук-синцитиалдык вирустан улам Калифорния, Иллинойс, Массачусетс, Түндүк Каролина жана Род-Айленд штаттарындагы медициналык жайлар да күчөтүлгөн тартипте иштөөдө.
Ошондой эле, ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун акыркы маалыматтарына ылайык, өзгөчө респиратордук синцитиалдык вирустун (RSV) өсүп жатканы байкалган. Айрыкча түндүк-чыгыш жана түштүктө учурлар кескин көбөйгөнү белгиленген.
Жыйынтык: Американын айрым аймактарында балдардын өпкө оорулары көбөйүп, ооруканалары толуп жатканы чын.
Оставьте первый комментарий