
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык» сайтынын иши эки айга токтогонун маалымдады.
Ага өлкөнүн маалымат мейкиндигинде улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материалдар себеп болгону айтылат.
«Министрлик тарабынан 2022-жылдын 16-сентябрында “Учурдагы убакыт” ресурсунда («Азаттык Медиасынын» ведомстволук түзүмү) “Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш жана эфиринде кастык маанайдагы сөздөр колдонулган, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар аныкталган», — деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.
Буга байланыштуу министрлик 17-сентябрда аталган медиага ММК чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдардын нормаларын так сактоо жана Кыргызстандын интернет мейкиндигинде такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо боюнча кайрылуу жөнөткөн.
«Бирок бул кайрылууга “Азаттыктан” тиешелүү чараларды көрүп, аталган материалды өз платформасынан алып салуу боюнча техникалык иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу жооп келген. Бирок, ушул күнгө чейин бул видео өчүрүлө элек. Жогоруда айтылгандардын негизинде, “Интернет тармагында анык эмес маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, жалган маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибин» жетекчиликке алып, министрлик хостинг/интернет провайдерлери жана байланыш операторлору аркылуу, «Азаттык» сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу жөнүндө чечимин кабыл алды», — деп кошумчаланган министрликтин маалыматында.
Ушул тапта сайт иштеп жатат.
Ал эми «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай басылма «салмактуу чагылдырууга болгон милдеттенмесин олуттуу кабыл алаарын» белгилеген.
«Биз бул материалдын мазмунун карап чыктык жана стандарттардын бузулушун тапкан жокпуз», — деген ал.
Ошондой эле, Флай журналисттерге карата коркутуулар жана көз карандысыз маалымат каражаттарынын оозун жабуу аракеттери Кыргызстандагы демократияга шек келтире турганын кошумчалаган.
«Азаттык» тууралуу эмне белгилүү?
«Азаттык» радиосу — эл аралык көзкарандысыз эркин радио болгон «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Кыргыз кызматынын расмий аталышы. Башкеңсеси Чехиянын борбору Прагада жайгашкан жана ушу тапта дүйнөгө 26 тилдеги берүүлөрдү уктуруп келет.
«Азаттык» сайтындагы маалыматка ылайык, аталган ЖМКнын миссиясы – сөз эркиндиги орной элек жана ага бийлик тарабынан тыюу салынган өлкөлөрдө маалыматтарды таратуу жана чагылдыруу аркылуу демократиялык баалуулуктарды жана институттарды, ошондой эле адам укуктарын алга сүрөө.
Эске салсак, буга чейин «24.kg» маалымат агенттиги «Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө» жаңы мыйзамдын негизинде 25-августта бир нече саатка жабылып, кайра иштей баштаган.
Оставьте первый комментарий