Ош: таза суу боюнча тендерге катышкан үч компания сынактан четтеди

Ош шаарында таза суу боюнча тендерге катышкан үч компания сынактан четтетилди. Бул тууралуу «Т-Медиага» мэриянын чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Эшмамбет Кармышаков билдирди.

Кармышаков эч бир компания талапка жооп бербегенин белгилеп, бирок алардын аттарын ачыктаган жок.

«Негизи тендерге катышуу үчүн үч компания арыз таштаган. Документте көп пункттан турган талаптар бар эле. Мисалы, лицензиясы, курууга уруксат алгандыгы, финансылык отчёттору, буга чейин аткарган иштери боюнча маалыматтары камтылыш керек болчу. Тилекке каршы, эки компаниянын лицензиясы талапка жооп бербегендиктен документтерин артка кайтардык. А үчүнчүсү аткарган финансылык иштери менен туура келбеди. Азыр кайрадан тендер жарыялоо иштери жүрүүдө. Жакынкы күндөрү бул боюнча Азия өнүктүрүү банкы сайтына жарыялат. Анткени тендерди алар өздөрү өткөрүүдө». 

Ош шаарындагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири — таза суунун үзгүлтүккө учураганы. Тургундар ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин токтоп калат.

Таза суу маселесин чечүү үчүн калаа бийлиги ушул жылдын август айында 250 млн. сомдук тендер жарыялаган. Долбоордун негизги максаты нөшөрлөп жааган жаан жана суу ташкын мезгилинде үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу болууда. Анткени Ош шаарынын плотинасына чейин сел каналдары бар. Ушундан улам Ак-Буура дарыясы булганат. Бул долбоордун негизинде 2,4 чакырым кошумча суу линиясын тартуу каралган. Долбоордун мөөнөтү эки жыл, бирок ал ишке ашкан учурда да маселе 100%га чечилбейт.

2016-жылы шаардык бийлик элди таза суу менен камсыз кылуу үчүн эки ири долбоорду ишке ашырууга аракет кылган. Ошол кездеги шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев баштаган жергиликтүү бийлик «Мындан ары жамгыр жааса да, таш жааса да калаада суу таңкыстыгы болбойт» деп убада беришкени менен аткарылган жок. Себеби, жер астынан чыгуучу суунун көлөмү болжолдонгон көлөмдөн аз болуп калган. Ошентип, ал долбоорлор ишке ашпай, элге пайдасы тийген эмес.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*