
Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында Хэллоуин майрамында тебелендиде жана тыгында калган 151 адам каза болду. Анын 19у чет өлкөлүктөр. 82 адам жараат алды.
Окуя 29-октябрда өлкөнүн борбор калаасы Сеулдун Итхэвон районунда болгон.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматын ылайык, кырсык болгон райондо эс алуучу жайлар жайгашкан. 100 миңдей адам чогулуп, айрымдары кууш көчөлөргө агылганда тыгын пайда болгон. Адамдар көчөгө батпай, биринин үстүнө бири жыгылып, тебелендиде калышкан.
Каза болгондордун көпчүлүгү өспүрүмдөр жана 20 жаш курактагылар болгон.
Хэллоуин майрамы бул өлкөдө акыркы 3 жылдан бери ковиддик чектөөлөр алынгандан кийин биринчи жолу белгиленген.
Бул окуядан улам, Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ел жалпы улуттук аза күтүү жарыялады.
Оставьте первый комментарий