
Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта коронавирус инфекциясы боюнча өзгөчө кырдаал режими алынды. Мындай чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун, ыкчам штаб билдирди.
Өзгөчө кырдаал режими 2020-жылдын 22-марттында калк арасында массалык оорулардын алдын алуу үчүн ыкчам чараларды көрүү максатында киргизилген. Учурда өлкө аймагында эпидемиологиялык абал турукташып, коронавируска чалдыккандар азайып калгандыктан өзгөчө кырдаал режими алынды.
Өлкөдө акыркы бир жумада 53 адамдан COVID-19 аныкталды. Алардын 14ү ооруканага жаткырылган, 39у амбулатордук дарыланууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында быйыл 10 айда COVID-19дун 21 704 учуру катталган.
Коронавирус 2019-жылдын аягында дүйнөдө алгачкы жолу Кытайдын Ухань шаарында аныкталган. Кыргызстанда инфекция 2020-жылдын март айында катталып, пандемия башталгандан берки аралыкта 3 миңдей адам оорудан көз жумду.
Учурда бир катар өөлкөлөр, абал турукташкандыктан өзгөчө кырдаал режимин алып жатат. Ал арада 28-октябрда Кытайда Covid-19дун өсүшүнө байланыштуу шаарлар карантинге жабыла башталганы кабарланган. Кытайда үч күн катары менен COVID-19дун 1000 ашык жаңы учуру катталганы маалымдалды.
Оставьте первый комментарий