«Кыргызстанда спорт медицинасы аксайт». Атазов спорт тармагындагы жетишсиздиктерди атады

Кыргызстанда спорт медицинасы аксайт, машыктыруучулар тартыштыгы жаралды. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин 2-ноябрдагы жыйынында спорт тармагындагы жетишсиздиктерди атап жатып билдирди. 

«Кыргыз спортунда спорт медицинасы аксоодо. Балдар спорту, мектеп спорту каралбай калды. Кыргызстанда жалгыз спорт интернаты бар. Башка облустарга да интернаттарды ачуу керек. Массалык спорт саясат идеологиясы жолго түшпөй жатат. Машыктыруучулар тартыштыгы башталды, атайын адистер жетишсиз болуп жатат. Бизде күрөш дүйнөнү багындырып жатат. Бирок, дзюдо, бокс, сууда сүзүү сыяктуу спорттун түрлөрүнө жакшы көңүл буруу жок» — деди Атазов.

Депутат бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Спорт министрлигинин бөлүп алуу демилгесин колдоп, бул тармакка жакшы көңүл буруу керектигин белгиледи.

27-октябрда депутаттар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен спортту бөлүп, өзүнчө министрлик түзүү боюнча токтом долбоору даярдалып, төрагага сунушталганын билдирген. 

Кыргызстанда спорт тармагы алгач Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинде көзөмөлдөнүп турган. Кийин 2021-жылы агенттик Маданият министрлигине кошулган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1425 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*