Мурдагы министр Алымкадыр Бейшаналиевге козголгон кылмыш иштеринин баары токтотулду

Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон жети кылмыш ишинин баары токтотулду. 

Анын адвокатынын айтымында, мурдагы министрден бардык айыптоолорду алып салуу жөнүндө чечим кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу августта эле кабыл алынган.

Бейшеналиевдин ишин иликтеген ИИМ бул боюнча азыр комментарий бере элек.

Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда «коррупцияга» айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң сомго вакцина сатылып алынышынан улам айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш ишин козголгонун билдирген.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*