Акыйкатчы Абдрахматова: кош бойлуу журналисттин камалганы мыйзамсыз

Акыйкатчы институту кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиеванын камалганы мыйзамга туура келбестигин билдирди. Бул тууралуу омбудсмен Атыр Абдрахматова «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. 

«Оператор мырзаны таптык, ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында экен», -дейт Абдрахматова.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 4-ноябрга караган түндө журналист Санрабия Сатыбалдиева менен оператору Калыс Аширбеков кармалганын кабарлады. Маалыматка караганда, анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң журналист Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 48 саатка камалган.

Абдрасулованын айтымында, журналисттин колунда эки жашар кызы бар жана учурда кош бойлуу. Анын ден соолугуна коркунуч бар экени айтылды.

Санрабия Сатыбалдиева «MIR24» сайтында иштейт. Ал соңку учурда социалдык түйүндөрдө бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келет.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*