
Бишкекте журналист Санрабия Сатыбалдиева кармалды. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова Фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, журналисттин боюнан түшүп калуу коркунучу бар. Бирок ага карабай 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Сатыбалдиеванын эмне үчүн кармалганы азырынча белгисиз.
Абдирасулова кошумчалагандай, учурда оператор Калыс Аширбеков да Ички иштер министрлигинин тергөө кызматында сурак берүүдө.
Оставьте первый комментарий