ИИМ журналист Сатыбалдиева опузалап акча талап кылууга шектелип жатканын билдирди

ИИМ журналист Санрабия Сатыбалдиева жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу шылтоосу менен коркутуп, 10 миң АКШ долларын опузалап талап кылууга шектелип жатканын билдирди. 

«3-ноябрда 2000 АКШ долларын өткөрүп берүү учурунда 2016-2017-жылдардагы соцтармактарда жарыяланган аудио жазууларды шантаж кылуу жолу менен Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча каражатын туруктуу негизде талап кылган бир катар адамдар кармалды» — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бул кылмышка көмөктөшүүгө шектелип «MIR24» маалыматтык порталдын оператору да кармалган.

Азыркы учурда, Кылмыш жаза-кодексинин 208-беренесинде (Опузалап талап кылуу) менен тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Кармалган Бишкекте убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Санрабия Сатыбалдиеванын кармалышы

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 4-ноябрга караган түндө журналист Санрабия Сатыбалдиева менен оператору Калыс Аширбеков кармалганын кабарлады. Маалыматка караганда, анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң журналист Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 48 саатка камалган.

Сатыбалдиеванын колунда эки жашар кызы бар жана учурда кош бойлуу. Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында журналисттин ден соолугуна коркунуч бар. Акыйкатчы институту Сатыбалдиеванын камалганы мыйзамга туура келбестигин билдирди.

Санрабия Сатыбалдиева «MIR24» сайтында иштейт. Ал социалдык түйүндөрдө бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келет.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1469 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*