Октябрь айында Орусиядан 15 мигранттын сөөгү алып келинди

Сүрөт: Sputnik. kg

Быйыл октябрь айында Орусиядан 15 кыргызстандыктын сөөгү жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Ошондой эле өткөн айда дипломатиялык мекеменин көмөгү менен 21, августта 31 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирген.

Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанга четтен 540 «Жүк-200» келген, быйыл алгачкы беш айда 292 мигранттын сөөгү мекенине жеткирилди. Ага бюджеттен 45 миллион сом сарпталган.

Кыргыз өкмөтү чет өлкөдө каза болгондордун сөөгүн мекенге жеткирүү үчүн 70 миң рублдан жардам берет.

Автор Т-медиа 12153 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*