Кемпир-Абад: Гүлнара Журабаева 20-декабрга чейин камакта калтырылды

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалгандардын баш коргоо чарасы каралып жатат.

Алгач Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочусунун арызы каралды. Сот аны 20-декабрга чейин камакка алуу тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Сот залында чогулгандар «Позор!» (Уят) деп айтышкандарын угууга болот.

Ушул эле күнү график боюнча төмөнкү жарандардын соттук иши жүрөт: Гүлнара Журабаева (саат 09:00да), Кеңешбек Дуйшебаев (09:00), Али Шабдан (10:00), Атай Бейшенбек (10:30), Таалай Мадеминов (11:20), Айбек Бузурманкулов (15:30), Клара Сооронкулова (16:00), Кубанычбек Кадыров (16:00), Нурлан Асанбеков (16:40) жана Перизат Суранова (17:00).

Ал эми 10-ноябрда Равшан Жээнбеков (саат 09:00да), Улугбек Маматаев (09:45), Рита Карасартова (09:00), Акыл Айтбаев (15:00), Бектур Асанов (16:00), Марат Баязов (16:00), Ерлан Бекчороевдун (17:00) бөгөт чарасы каралат. Ал эми 11-ноябрда Айданбек Акматов (саат 09:00да), Жеңиш Молдакматов (11:00) жана Асия Сасыкбаеванын (17:00) иши каралат.

Массалык камоолор

Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынышкан. Алардын көпчүлүгү «Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү жана чек ара тууралуу өз пикирин билдирип келгендер.

Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды эркиндикке чыгаруу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Мындан сырткары бүгүн Эл аралык Human Rights Watch уюму Кыргызстанда саясатчыларды жана активисттерди, жапырт кармалгандарды бошотууга чакырды. Ал эми президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигишпесин, чекитти сот кое турганын айткан.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*