Баткенде айрым үйлөрдүн курулушу баштала элек

Баткенде тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунда тонолуп талкаланган үйлөрдүн курулушу кечигип жатат. Бийлик тургундарга жаңы жылга чейин жаңы үйгө киргизүүнү убадаланган эле.

Капчыгай айлында үйү күйүп кеткен жергиликтүүлөрдүн бири Жыргалбек Тойчуевдин үй-бүлөсү Баткен шаарында убактылуу күн кечирип жатат. Анын чек арадагы куралдуу кагылышта жараксыз болгон үйүнүн курулушу бүгүнкү күнгө чейин баштала элек.

«Күн сууктады. Азыр бетон тоңуп калса, ал күн ысыганда кандай болот түшүнүксүз. Эки айда курулушу бүтөт деди эле. Бул жазда деле бүтпөйтго дейм. Балдар метебиме барам, досторум менен окуйм дейт. Жаш баланы алдап коюп жатабыз» — дейт Жыргалбек Тойчуев.

Мамлекеттик курушулуш агентствосу үйлөрдү куруп жаткан компаниялар иштин солгундугуна жумушчу күчтүн аздыгын себеп кылып жатканын билдирди. Бирок турак жайлар убагында курулуп бүтпөсө, аларга мыйзам чегинде чаралар көрүлөөрүн убадалап жатат.

«Биз тендерди утуп алган башкы ортомчу организациядан жумушту үзгүлтүккө учуратпай, убагында бүтүшүн талап кылып жатабыз. Алар жумушчу күч аз болуп жатканын билдиришкен» — дейт мамлекеттик курулуш агентствосунун директорунун орун басары Жолдошбек Абдраев.

Президенттин Администрациясы Баткенде жараксыз болгон үйлөрдүн курулушу 26-сентябрда башталаарын билдирген.  Ар бири 100 чарчы метрлик, үстү монолит менен жабылган үйлөр салына турган болгон. Алардын курулушун аяктоого 2-3 ай убакыт берилген. 

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяда жалпы 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз абалга келсе, 238 үй оңдоп-түзөөгө муктаж.

Мындан сырткары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 335 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер 61 автоунаа өрттөлгөн жана талкаланган.

26-октябрда аталган Капчыгай айылында куруу иштерине акча бөлүнүп, бирок жумуш башталбай жатканын депутат Султанбай Айжигитов да айтып чыккан.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1469 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*