Кытай кыргызстандыктар үчүн 23 стипендия бөлдү

Кытайдын билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстандын жарандарына 2023-2024-окуу жылына 23 мамлекеттик стипендия бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул стипендияга бакалавр, тил боюнча такшалма, магистратура жана докторантура боюнча билим алууну каалагандар катышса болот.

Тапшыруу жол-жобосу:

Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн платформасындагы “КЭР Өкмөтүнүн стипендиялары” программасына катталып, керектүү талааларды толтуруп, талап кылынган бардык документтерди 2022-жылдын 10-декабры саат 23:59га чейин жүктөшү керек.

Көңүл буруңуздар! Толук эмес документтерди камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четтетилет! Кененирээк — https://edu.gov.kg/announcements/165/ шилтемесинен окусаңыз болот.

Стипендиялык программага катышуу боюнча маалыматты иш күндөрү күн сайын саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 625082, 621519 номерлери аркылуу алсаңыздар болот. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*