Ошто ишкердин денесине залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды

Ошто ишкердин денесине залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Ал өзүн криминалдык чөйрөнүн өкүлү экенин айтып, бул иерархияда жогорку орунду ээлей турганын билдирип коркуткан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын октябрь айынын аягында Ош шаарында белгисиз адам ишкерлик менен алектенген жергиликтүү тургундун денесине оор залал келтирген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

«Ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында шектүү катары 27 жаштагы Т.А. аттуу жаран кармалды. КИББнын билдирүүсү боюнча ал криминалдык авторитет уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү менен тыгыз байланышта», — деп айтылат маалыматта.

Ал Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*