
Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Кечээ, 11-ноябрда Түркиядагы жана Израилдеги элчи Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы болуп дайындалган. Тийиштүү чечим Самарканд шаарында өтүп жаткан Уюмдун Саммитинде кабыл алынган.
Ал эми Руслан Казакбаев ушул жылдын апрель айында Тышкы иштер министри кызматынан бошотулган болчу.
Оставьте первый комментарий