
Коргоо министрлигинин жана «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары аскер бөлүктөрүнүн биринин тосмосунун курулушунан акча кымырган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, курулуштун жүрүшүндө айрым кызмат адамдары 1 млн. сомдон ашык каражатты кымырып алышканы белгилүү болгон.
«Анда аткарылган иштердин актыларына жасалган жумуштардын көлөмүн жана колдонулган материалдардын түрлөрүн атайлап көбөйтүү жана бурмалоо жолу менен каражатты кымырып алган фактысы аныкталган. Натыйжада, мамлекетке 1 млн. сомдон ашуун өлчөмдө материалдык зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш- жаза Кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Оставьте первый комментарий