
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр натыйжалуу жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев «Регион» телеканалына берген маегинде билдирди.
«Үч-төрт күн болду Тажикстандын борбору Душанбеге комиссия менен барып келдим. Ал жерде сүйлөшүү жүргүзүп, кайсы бир деңгээлде чечүүгө аракет кыла баштадык. Эгерде мурда ар ким өз позициясында туруп, бир пикирге келе албаган болсок, азыр биз тил табыша баштадык. Компромисстик жол менен чечүүгө эки тарап тең даяр.»Силерге бул нерсе керекпи, макул жардам берели», «бирок биздин керек нерсебизге силер дагы жардам бергиле» деп сүйлөшүп жатабыз»— деген Ташиев.
Ташиевдин айтымында жакынкы күндөрү Тажикстандын делегациясы Кыргызстанга келиши күтүлүп жатат.
Оставьте первый комментарий