
Январда майрамдарга байланыштуу 8 күн эс алуу болушу мүмкүн. Жумуш күндөрүн башка датага жылдырып, 1-8-январды дем алыш күн кылуу боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду.
Министрлер кабинети майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында:
- 9-январдагы дем алыш күнүнүн – 3-январдагы иш күнүнө;
- 25-февралдагы дем алыш күнүнүн– 4-январдагы иш күнүнө;
- 11-марттагы дем алыш күнүнүн– 5-январдагы иш күнүнө;
- 25-марттагы дем алыш күнүнүн – 6-январдагы иш күнүнө которууну сунуштады.
1-январдагы жаңы-жыл майрамы дем алыш күнгө туш келгендиктен 2-январь жумуш эмес күн болот.
Андан сырткары, Кыргызстандыктардын 2023-жылдагы узак мөөнөттүү эс алуу күндөрү төмөнкүдөй белгилениши мүмкүн:
- 18-марттан 21-мартга чейин;
- 5-майдан 9-майга чейин;
- 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин.
Оставьте первый комментарий