
Ошто “Новый Ритм” Коомдук Бирикмеси өлкөнүн 3 аймактагы активдүү жаштардын катышуусунда “Модель Жогорку Кенеш 2022” иш-чарасын өткөзүп жатат. Анда жаштар оюн түрүндө парламенттин ишин аткарып көрөт.
с – бул пикирлештердин ынтымактуу командасы. ЖК моделине өздөрүнүн көз караштарын коргоодон коркпогон жана тайманбас идеялары менен бөлүшүүгө даяр болгондор жаштар катышат. Бул оюн түрүндөгү илимий окуу, анын жүрүшүндө катышуучулар 3 комитетке бөлүнүп менен Жогорку Кеңештин органдарынын ишин аткарышып, төмөндөгү темалардын алкагында талкууларды жүргүзүшөт.
20-ноябрда өткөн ЖК модели иш чарасында жаштар комитеттин күн тартибинде эки негизги маселени карады:
- Аялдарды жана жаштардын чек ара меселерине катышуучу/ тартылуусу
- Жаштарды чечим кабыл алуу процесстерине тартуу (жаштар үчүн квоталардын жоктугу).
Жогорку Кеңештин жыйыны башталганга чейин катышуучулар Жогорку Кеңештин сессиясынын процесстерин түшүнүүгө багытталган практикалык оюндардан өтүшкөн.
Бул оюндун максаты – катышуучулардын көз-карашын кеңейтүү, эл алдына чыгып сүйлөөнү үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн, өз көз карашын коргоого үйрөнүү, колдо болгон маалыматтарды талдоо, алган билимдерин иш жүзүндө колдонуу.
«Новый Ритм» бирикмеси 2014- жылдан бери ишмердүүлүгүн “Жаштардан жаштарга ” деген девиз менен жүргүзүп келет. Жаштар үчүн идеяларды талкуулоо жана аларды ишке ашыруучу аянтча болуп саналат.
Оставьте первый комментарий