
Ысык-Көлдө Жети-Өгүз районунун Тосор айылына эл аралык спорт комплексин курулат. Ал үчүн 72,2 гектар жер тилкесин «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондуна» берүү чечими кабыл алынды.
Министрлер кабиетинин маалыматына караганда, көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбай, кароосуз турган. Долбоор боюнча ал тилкеге, жыл бою иштей турган көп функционалдуу спорт комплекси курулат. Жаңы имаратта улуттук спорт командаларынын өкүлдөрү жана башка спорттун 30дан ашык түрү боюнча спортчулар машыгууга, реабилитациядан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Курулушту 2023-жылдын жаз айларында баштоо пландалууда. Иш Туризмди өнүктүрүү фондунун уставдык капиталынын жана тартылган финансылык каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт. Курулушка болжолдуу 20 млн АКШ доллары сарпталат.
Оставьте первый комментарий