Ирандын курама командасы гимнди ырдоодон баш тартканы чын

Иран курама командасы. Сүрөт: dw.com

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Иран курама командасынын оюнчулары Англия менен беттешердин алдында өз өлкөсүнүн гимнин ырдоодон баш тартышты. Дал ушундай билдирүүлөр Телеграм-каналдарда тарап жатат.

«Т-Медиа» маалыматтын чын-төгүнүн текшерди.

«Медуза» басылмасы команданын капитаны Алиреза Жаханбахш матч башталаар алдында маалымат жыйын бергенин жазды. Маалыматта оюнчулар гимнди ырдоо же ырдабоо чечимин өлкөдө уланып жаткан нааразычылык акцияларынын катышуучуларына тилектештик катары кабыл алышканы айтылат.

Музыканы аткаруу учурунда спортчулар унчукпай турушкан, стадиондо ирандык күйөрмандар муну коштогон. Алар мамлекеттик гимн жаңырганда ышкырып, «Аял. Жашоо. Эркиндик» деген жазуусу бар футболкаларды кийип же ушундай эле жазуусу бар плакаттарды көтөрүп келишкен.

Ирандык мамлекеттик телеканалдар бул кадрларды көрсөткөн жок деп кабарланууда. «Евроньюстун» билдиришинче,  спортчулардын ордуна стадионду жалпы кадрга алып беришкен.

The Guardian басылмасынын маалыматы боюнча, 17-ноябрда беттештин алдындагы маалымат жыйында курама команданын капитаны Алиреза Жаханбахш гимнди аткаруу чечими «команданын ичинде» кабыл алынаарын билдирген. Ушул эле видеону Twitter социалдык түйүнүндө kothr_lo аттуу аккаунт да жарыялады.  

«Мой футбол» басылмасы Иран менен Англия командаларынын беттешинин видеосун жүктөгөн. Анда гимндин музыкасын аткаруу учурунда ирандык спортчулар унчукпай турганын көрүүгө болот. 

Англия менен Ирандын футболдук беттеши 21-ноябрда өттү. Ирандык оюнчулар атаандаш командасына 6:2 эсебинде жеңилди. 

Жыйынтык: Ирандын курама командасы беттеш алдында өз өлкөсүнүн гимнин ырдоодон баш тартканы чын. 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*