Ошто өзгөчө балдар Түркиядагы олимпиадага жолдомо алды. Бирок жол киреге каражат жок болууда

Ошто Даун синдрому бар балдардын «Сантерра-Юг» деп аталган борбору Түркиянын Анталия шаарында өтүүчү өзгөчө балдар арасындагы олимпиадага чакыруу алды. Бул тууралуу «Т-Медиага» борбордун жетекчиси Жылдыз Туратбекова билдирди. Анын сөзүнө караганда, олимпиада 4-6-декабрда өтөт. Бирок балдардын жана аларды коштоп барган ата-энелердин жол киресине каражат жок болууда. 

«Түркиянын расмий чакыруусун 14-ноябрда алдык. Балдар 3-декабрда Анталияда болуп калыш керек. Олимпиадага түрк тилдүү беш өлкө —  Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан Өзбекстан жана Түркиядан барган майыптуулугу бар, бирок менталдык жактан өзгөчөлөнгөн балдар катышат. Бул мелдеш Түркия федерациясынын сунушу менен өтүп жатат. Иш-чаранын алдында уюштуруучулар жана катыша турган өлкөлөр менен бирге онлайн жолугушуу болгон. Анда «аутизм, Дауна синдрому бар балдарга кандай шарттар каралган? Спорт менен алектенишеби?» деген суроо коюлду. Тилекке каршы, Кыргызстанда мындай балдар үчүн шарттар жок экен. Түркия «түрк тилдүү өлкөлөр арасында олимпиада уюштуруп, биз баштап берели» деген сунушту айткан». 

Туратбекованын айтымында, Оштон барган балдар Кыргызстандын атынан катышат. Түркия жатакана жана тамак-аш менен камсыздайт. Ал эми олимпиадага катыша турган беш баланын жана алардын ата-энесин жол акысын борбор төлөшү керек. Учурда ага болжолдуу 455 миң 400 сом керек болууда. Мындан улам «Сантерра-Юг» Ош шаарынын мэрине кайрылуу жолдогон. Бирок жооп келе элек.

«Балдар өзгөчө, биринчи жолу сыртка чыгып жатышат. Биз алар учканды кандай кабыл аларын жана башка нерселерин билбейбиз да. Ошондуктан ата-энелери коштоп барат. Алардын тамак-аш, жашаган жери, күтүп алуу сыяктуу чыгымдарын Түркия камсыздап берет. Биз болсо жол кирени өзүбүз табышыбыз керек. Учурда ушул нерсе көйгөй жаратып жатат. Анткени балдардын ата-энесин кошкондо жалпы 10 адамдын Ош — Бишкек — Анталия — Бишкек — Ош багыты боюнча жол акысын төлөш керек. Мэрияга кат менен кайрылдык. Бирок азырынча жооп боло элек. Дагы бир-эки жеке компанияларга да кат жолдодук. Убактыбыз аябай тар калды. Эл аралык рейс болгон үчүн билет калбай калуу коркунучу турат», -дейт Жылдыз Туратбекова. 

Олимпиадага катышууга борбордо бир жылдан бери спорт менен машыгып жүргөн балдар даярдалып жатат.

Балдардын олимпиадага баруусуна салым кошууну каалагандар төмөнкү реквизиттер боюнча жардам берсе болот:

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*