
Иликтөөчү журналист Болот Темиров президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди сотко берет. Бул тууралуу ал 22-ноябрда ютубдагы Temirov Live каналына жарыялаган видео кайрылуусунда билдирди.
Анын сөзүнө караганда, Жапаров менен Ташиев ага документи жасалма деп, жалган жерден жалаа жапкан. Ошондой эле Темиров буга чейин дагы бир канча жолу алардын үстүнөн сотко кайрылганын, бирок ишти кабыл албай койгонун айтты.
«Алардын айткандары жалган болгондуктан, аны расмий түрдө жокко чыгарууну талап кылабыз. 23-ноябрь, саат 09.30да Бишкек шаардык сотунда сот иши кайрадан уланат. Андыктан Бишкек шаарынын апелляциялык сотуна журналисттерди жана жарандык коомдун өкүлдөрүн чакырабыз», -деди Темиров.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди сотко берет. Бул тууралуу ал 22-ноябрда видеокайрылуу жасады.
Анын сөзүнө караганда, Жапаров менен Ташиев ага документи жасалма деп жалган жерден жалаа жапкан. Ошондой эле Темиров буга чейин дагы бир канча жолу алардын үстүнөн сотко кайрылганын, бирок ишти кабыл албай койгонун айтты.
«Алардын айткандары расмий түрдө жетип турган жалгандык болгон үчүн, биз да алардан расмий түрдө жалган жалааны жокко чыгарууну талап кылабыз. 23-ноябрь, саат 09.30да Бишкек шаардык сотунда сот иши кайрадан уланат. Андыктан Бишкек шаарынын апелляциялык сотуна журналисттерди жана жарандык коомдун өкүлдөрүн чакырабыз», -деди Темиров.
Ушул жылдын 28-сентябрында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Темировго баңгизат сатуу боюнча коюлган айыпка далилдер жетишсиздигин билдирип, бул беренеден жана мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү ишинен актаган. Ал эми документ жасалмалоо боюнча козголгон иштен айыптуу деп таап, бирок жаза чарасын чегерген эмес.
Прокуратура Болот Темиров Кыргызстандын чек арасын бир нече жолу мыйзамсыз кесип өткөнүн, анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда баңгизат табылганын билдирип келет. Мындан улам райондук соттун чыгарган чечимине мамлекеттик айыптоочу макул болбой, шаардык сотко аппелациялык арыз менен кайрылган.
Темировго Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен иш козголгон. Кийин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» жана «Документтердин жасалмасын жасоо» деген эки берене да кошулган. Тергөөнүн материалдарында Темировдун аскердик билети Орусиянын жаранына таандык экени жазылган.
Темиров бул аракеттерди анын журналисттик ишине бут тосуу деп эсептеп келет. Ал эми УКМК жана Ички иштер министрлиги мындай айыптарды четке каккан.
Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.
Оставьте первый комментарий