Тест: фейк аккаунттарды айырмалай аласызбы?

"Т-Медианын" коллажы

Эгер сиз «Фейсбуктан» же «Инстаграмдан» келген кандайдыр бир билдирүүдөн шек санап жатсаңыз, анда анын булагын изилдеңиз. Балким, фейк аккаунттар сизди адаштырып жаткандыр. Фейк аккаунттар  — чыныгы колдонуучуларга таандык эмес онлайн аккаунттар. Кээ бирлери тамаша иретинде, кай бири шылуундар тарабынан же жалган маалыматтарды таратуу үчүн түзүлгөн. Бирок аларды айырмалап билсек болот.

Аккаунттан төмөнкүдөй көк белгини (верификация) издеңиз. 

Бул белги аккаунттун аныктыгын жана колдонуучулардын ишенимин көрсөтөт. Профиль расмий экенин тастыктайт жана аны фейк аккаунттардан, фан баракчалардан айырмалайт. Белгинин жардамында социалдык тармактын колдонуучуларына атактуу адамдын же компаниянын чыныгы профилин табуу оңой болот.

Профилдеги сүрөткө маани берүү керек

Көбүнчө сүрөттө адамдын өзү эмес табияттын, жаныбар же белгилүү адамдардын фотосун коюп алышат. Эгерде аккаунт шек жаратса, анын сүрөтүн Google же Яндекстен издеп көрүү керек. Алар модель же актрисалардын же такыр эле башка адамдын сүрөтүн коюп алышы мүмкүн.

Аккаунттун аталышы кандай?

Эгер, аталышы жалаң гана түшүнүксүз символдордон туруп, эч кандай маанини бербесе бул — фейк аккаунт. Анда компаниянын же адамдын аты туура жазылганбы? Сизди адаштыруу үчүн жалаң ЧОҢ тамгалар менен же атында бир тамга туура эмес жазылган да болушу мүмкүн. 

Жогорудагы маалыматты бышыктоо үчүн тесттен өтүп, фейк аккаунттарды өз алдынча аныктап көрүңүз.


 

 

 

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*