АКШдан Баткенде чек ара окуясында жабыркагандарга гуманитардык жардам келди

Америка Кошмо Штаттарынан Баткен облусундагы чек ара жаңжалында жапа чеккен жарандарга колдоо көрсөтүү иш-аракеттеринин алкагында гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жардам АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосундагы кызматташтыктын негизинде алынып келинген.

«Жүк ташуучу рейске керебеттер, матрацтар, шейшептер жана кышкы кийимдер кирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул буюмдарды Баткен облусундагы чек арадагы коогалаңдан жабыркаган кыргызстандыктардын гуманитардык муктаждыктарын колдоо үчүн маанилүү деп тапты. Жардамды аталган министрлик бөлүштүрөт. Акчалай жардам жана комплекттер Баткен облусундагы миңдеген адамдардын, анын ичинде балдардын муктаждыктарын канааттандырууга жардам берет», — деп айтылат маалыматта.

Бул колдоо АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан берилген 8 миллион сомго (100 000 доллар) жана гигиеналык комплекттерине кошумча болуп саналат. Алар Кыргызстандагы эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөр тарабынан таратылат.

16-17-сентябрдагы Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан 62 жаранынан айрылган. Алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындап, арасында жаш балдар менен аялдар бар. Жалпы 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз абалга келсе, 238 үй оңдоп-түзөөгө муктаж.

Мындан сырткары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 335 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер 61 автоунаа өрттөлгөн жана талкаланган.

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*