Баткен шаарына 6 коомдук автобус алынды. Видео

Баткен шаары уюшулгандан тартып алгачкы жолу коомдук автобустар алынды. Айыл банк тарабынан лизингдик негизде ар бири 3 млн. 71 миң сомдон бааланган 6 автобус шаардык бийликке берилди.

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурхановдун айтымында, жүргүнчүлөрдү жаңы автобустар менен тейлөө жаңы жылдан тартып башталат.

«Эл ташыган жеке компаниялардын унааларынын көпчүлүгү техникалык жактан талапка жооп бербейт. Ошондуктан муниципалдык автобазага бул автобустарды алып жатабыз. Жакында коопсуздук камераларын орнотуп, GPS системаларды киргизип линиядан чыгып кетпешин да көзөмөлдөп турабыз», — дейт Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурханов.

Баткен шаарынын мэриясы бул автобустардын акчасын 6 жылда бөлүп төлөйт. Айыл банк аркылуу насыяга алынган коомдук унаалар Баткен шаарынын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. 

«3 жыл мурда атайын техникаларды лизингге бергенбиз. Бүгүн алардан кутулуп, дагы 6 автобус алып жатышат», — дейт «Айыл банк» ААКнын Баткен филиалынын жетекчиси Кубаныч Калбаев.

Алынган коомдук унаалар Баткен шаарынын көчөлөрүндө жүрүүгө ылайыкташкан эмес. Эми көчөлөр кеңейтилип, аялдамалар оңдолот.

Расмий маалыматтар боюнча Баткен шаарынын калкы 35 миңге чукул. Калкты коомдук унаа менен тейлөө үчүн кийинки жылга дагы алты автобус алынаары айтылды. 

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*