Жапаров: былтыр Баткенге ачылган атайын эсепке чогулган акчанын 28 млн сому иштетиле элек

Былтыр Баткенге жардам катары ачылган атайын эсепке түшкөн акча толук коротула элек. Бул тууралуу Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин жыйынында 2021-жылдын бюджетинин отчетун карап жатып билдирди. 

Жыйында депутат Гуля Кожокулова финансы министрлигинин отчетунда 2021-жылы Баткенге ачылган атайын эсепке 122 млн сом которулуп, анын 73 млн сому коротулганы жазылганын ачыктап, мындай айырмачылык эмнеден келип чыкканына кызыкты.

«Бул эсепке жарандардын ыктыярдуу берген акчалары да кирген. Калган акча кайда жумшалды?» 

Эл өкүлүнө президенттин Баткендеги өкүлү жооп берип, эсептеги айырмачылык чек арага жакын аймактарда пландалган жумуш жүргүзүлбөй калганы менен түшүндүрдү.

«2021-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы коогалаңдан кийин атайын эсепке 122 млн сом түшкөн. Атайын комиссия түзүлүп анын бир бөлүгү элге таратып берилген. 122 млн сомдун баары жарыкка, жолго жана башка жумуштарга бөлүштүрүлгөн. Бирок чек арага жакын жайгашкан жерде жумушубузду аткара албай, каражат кайтарып алынып биздин эсебибизде турат» — деди президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кошумчалашынча жалпы эсепке 122 млн 756 миң сом түшкөн. Анын 90 млн 684 миң 992 сому атайын комиссиянын чечими менен которулуп берилген. 229 миң 750 сом акча жабыркаган айылдардагы балдарды эс алдырууга каржыланган. Атайын эсепке 28 млн сом кайра кайтарылып келип, иштетилбей турат.

Былтыр 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болуп 36 кыргыз жараны набыт болгон. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган. Аларды калыбына келтирүү үчүн атайын эсеп ачылып, карапайым тургундар, ишкерлер, алыс-жакынкы чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттар жиберген акча чогултулган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1469 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*