
Быйыл май айында Ошто облустук ички иштер башкармалыгынын медицина кызматынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Арадан 6 ай өтпөй ооруканадагы бейтаптар «Т-Медиага» имараттын ремонту талапка жооп бербей жатканын кабарлашты. Редакция маалыматты тактоо үчүн жерине барып көрдү.
Бизге келген кабарда медицина кызматынын имаратынын терезелеринен шамал өтүп жатканы айтылган. Май айында бул имараттын оңдоп-түзөөдөн өткөнү облустук ички иштер башкармалыгынын «Фейсбук» баракчасына жарыяланып, терезелер жаңыланганы жазылган эле.
«Медицина кызматынын имаратынын чатыры толугу менен жаңыланды жана жылуулук системасынын эскирген түтүктѳрү жана башка жабдуулары жаңы түтүктѳргѳ жана жабдууларга алмашылды. Эскилиги жетип жылуулук кармабай калган эски терезелердин ордуна жаңы заманбап терезелер коюлду. Бейтапкананын сыркоолулар жатуучу бѳлмѳлѳрү оңдоп түзѳѳдѳн ѳткѳрүлдү жана он бѳлмѳгѳ жаңы эмеректер коюлду» — деп айтылган милициянын маалыматында.
Бизге жиберилген тасмадагы шарты жок бөлмөлөр тез арада оңдолгонбу, айтоор имараттан таба алган жокпуз. Анткени бул маалыматтын редакцияга жеткени мындан эки күн мурун ОшОИИБна мааалым болгон. Ошентсе да медициналык имаратта дарыланып жаткан бейтаптар, терезеден шамал кирип, бөлмөлөр суук болуп жатканын билдиришти.
«Терезе эски экен, катуу суук болгондо шамал кирет. Кол жуучу жайлар да эски, сынык. Түндө үшүп жататбыз»— дейт бейтаптардын бири Кутманбек Урулбай уулу.
Кызматтын жетекчилигинин маалыматында имараттын чатырын оңдоого 1 млн 394 миң, жылуулук түтүктөрүн оңдоого 1 млн 532 миң сом каралган. Бул сумма айрым терезелерди гана жаңылоого жеткен. Ошондой эле, кызматта дары-дармек тартыштыгы бар.
«Мен пенсионермин. Уколдорду өзүбүздүн каражатка сатып алууга туура келип жатат. Азыр укол-дарылар менен оорукана камсыздайт. Бирок айрым уколдору жок экен» — дейт бейтап Муратбек Төлөнөв.
«Жок дарылар болуп калат. Кээде бизде жок дарыларды бейтаптар өздөрү алып келгенге аракет кылат. 2022-жылга 500 миң сом каралган. Ал каражат жетпей калса, кошумча смета сурайбыз» — деди Ош ОИИБнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча медицина кызматынын башчысы Азамат Бакиров.
Шаарда облустук ички иштер башкармалыгынын медицина кызматынын уюшулганына 70 жылга чамалап калган. Бул кызмат азыркы иштеп жаткан имаратына көчкөнүнө 25 жыл болду. Быйыл имарат 1997-жылдан бери биринчи жолу капиталдык ремонттон өткөн. Бул жерде жалпысынан 78 кызматкер эмгектенип, жылдык бюджети 20 млн 755 миң сомду түзөт. Анын 15 миллиону айлык маянага сарпталат.
Оставьте первый комментарий