Украинадагы «Туран» батальонунун командири Кыргызстандын жараныбы?

Бир нече басылмалар Украинада «Туран»  түрк батальону куралганын жазып чыкты. Маалыматта видео кайрылуу тиркелген.

«Путин “спецоперациянын” атын жамынып түрк тилдүү элди геноцид кылууда. Рамзан Кадыров Ислам дининин атын жамынып, жихад жарыялап жатат. Ислам биз үчүн ыйык, ыйык нерсе менен ойнобогула. Биз Кадыровдун шайтан режимин, Путиндин империялык режимин жок кылабыз», — деп кайрылган.

Тасмада сүйлөгөн жаран, батальондун командири Алмаз Кудабек уулу Кыргызстандын жараны экени жазылган. 

«Т-Медиа» маалыматтын чын-төгүнүн тактап көрдү.

Тасманы биринчилерден болуп 20-ноябрь күнү basekz телеграм каналы жарыялаган.

Алмаз Кудабек уулу «БАСЕ» ютуб каналына интервью да берген. Анда ал Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында төрөлгөнүн айткан. Пандемиядан кийин Украинага мигрант болуп кеткен.

Алмаз Кудабек уулу ким?

Шайлоочулардын тизмесинде анын аты-жөнү тууралуу маалымат табылды. Бирок кайсы участокто экени чыккан жок.

22-нобярь күнү Алмаз Кудабек уулу Орусиянын аскер кызматкерлеринин туткунга түшүү жөнүндө арыздарын кабыл алуу борборуна интервью берген. Маалыматта ал Украинадагы согушта ыктыярчы экени айтылат.

Аталаган жарандын Instagram баракчасын издеп таптык. Алмаз Кудабек уулу аккаунтка Украинадагы согуштан көз-ирмемдерин киргизип турат.

Ошондой эле соцтармакта анын кыргызстандык реперлер менен түшкөн сүрөттөрү бар. Андан Алмаз Кудабек уулу буга чейин чачтарач болуп иштегенин байкоого болот.

Алмаз Кудабек уулу тик-ток социалдык тармагында да активдүү. Ал жерде да Украинадагы согуштан тасмаларды жүктөп турат.

Кыргыз бийлигинин расмий жообу 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети аталган тасмага байланыштуу билдирүү таратты. Маалыматта видеодогу жарандын билдирүүсү Кыргызстандын расмий бийлигинин позициясына каршы келери айтылган. Ошондой эле Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосундагы окуяларда бейтараптуулукту карманат. 

«Буга чейин социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда УКМКнын кызматкерлери бул өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерди чагылдырган аккаунтту аныктап, анын ээси кыргызстандык К.у. А. экенин тастыкташкан. Ал 2021-жылдын декабрь айында эмгек мигранты катары Украинага кеткен. Азыркы учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерге катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү” боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтык: Алмаз Кудабек уулу Кыргызстандын жараны. Бирок УКМК анын тасмадагы билдирүүсү Кыргызстандын расмий бийлигинин позициясына каршы келерин айтты.

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*