
Чек арада өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна курулуп жаткан тамдарды бүтүрүү иштери кечеңдеп жатат. Алардын кээ бирлеринин чатыры жабылып жатса, айрымдарынын пайдубалы курулган бойдон турат.
Жергиликтүү тургандардын айтымында, жумушчу күчүнүн тартыштыгы да үйлөрдүн бүтүшүн артка тартууда. Курулуш башталарда усталар, жумушчулар жетишпегенинен жергиликтүүлөр өздөрү топ түзүшкөн. Алар өз үйлөрүн өздөрү куруп жатышат.
«Жашаганга үй жок. Жумушчулар келип бул жакта жашай алышпайт. Жумушчулар келип, ӨКМ курган чатырларда бир күн жашагандан кийин кайра кайтып кетип калып жатышат. Шарт жок да бул жакта. Менин үйүмү куруп жаткан фирма фундаментин тургузгандан бери кирпичи жок турат. Бир ай болду. Ушундай кете турган болсо жаңы жылга деп убада берген убактыларына бүтө алышпайт», — дейт Капчыгай айылынын тургуну Жоомарт Абадалим уулу.
Буга чейин чек арада өрттөлүп талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери кечиктирилип жатканы боюнча нараазы пикирлер айтылган.
«450 үй бир убакта башталганына байланыштуу бир аз курулуш материалдарынан тартыштык болду. Азыр эми калыбына келип калды. Башында бир аз кыйналдык. Азыр баары жетиштүү», — дейт «МУР-курулуш» ишканасынын жетекчиси Умарбек Мажитов.
Жергиликтүү бийлик курулуш иштерин создуктуруп жаткан ишканаларды четтетүү боюнча кошумча күч тартуу маселесин карап жатканын айтат.
«15-октябрда башталган. Бир ай 5 күн иш болуп жатат. Анын 10 күнү жаан болду. Эми кудай бурюса жаңы-жылга баарыны киргизебиз деп атабыз. Эми толук болбосо да 80-90% бүтүрүп элдерди киргизгенге аракет кылыбыз», — дейт Президенттин Баткен облусундагы чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрү маселелери боюнча өкүлү Мамыржан Рахимов.
Жалпысынан облуста 423 үй курулушу керек болсо анын 413үндө иштер жүрүп жатат. 10 го жакын үйдүн чатыры жабылган. 74 үйдүн дубалдары көтөрүлүп, 144 пайдубал курулуп бүткөн. Ар бир үйдүн курулушу 3 млн 300 миң сомго бүткөрүлөрү айтылууда.
Оставьте первый комментарий