Бүгүн катталуунун акыркы күнү. Эртең ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТ башталат

26-27-ноябрда ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн жогорку республикалык тестирлөө өтөт. Катталууга үлгүрбөй калган абитуриенттер бүгүн саат 13:00дөн 17:00гө тест борборлорунун базасында катталса болот. 

Тестирлөөгө орто же кесиптик орто билими бар жана учурда ЖОЖдордо окубаган адамдар кире алат.

Тестирлөө өтө турган борборлор:

  • Бишкек шаарындагы №72 орто мектеби;
  • Бишкек шаарындагы №95 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясы;
  • Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейи.

Бул жолу ЖРТ тапшырган абитуриенттер 49 жогорку окуу жайдагы бош орундарга окуу кабыл алына алат. Алардын 17си мамлекеттик, 32си мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлар. Бул жолу жарандарда гранттык орундарга тапшырууга мүмкүндүк болбойт.

Кышта кабыл алынган студенттерге окуу жылы 6 айга кеч аяктайт

Кышкы кабыл алууда бош багыттарга тапшыра алган студенттер кышкы каникулдан кийин биринчи семестрин окуп баштайт. Алар күздөн баштап окуган группаларга кошулбайт. Өзүнчө график түзүлүп, окуу жылы да алты айга кеч аяктайт.

 Жайкы жалпы республикалык тестирлөөгө 51 миң абитуриент катышып, анын 57 пайызы же 29 миңи гана босо балдан өтө алган.
Автор Наргиза Анарбай кызы 1345 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*