
Экс-депутат, саясатчы Жылдызкан Жолдошева 25-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан элдик курултайда сөз сүйлөп, бийликти сындады. Ал президенттик башкаруудан баш тартып, президенттик-парламенттик системага өтүү керектигин белгиледи.
«Бизге президенттик башкаруу болбойт экен. Башынан кандай кыйынчылык өтсө дагы, кимиси болбосун президенттик тактыга жеткенде «монстрга» айланат экен. Ошон үчүн президенттик-парлампенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Анткени Садыр Нургожоевич, сизден кийин ким бийликке ким келет, өлкөнү кайда алып барат? Экинчи маселе, кен-байлыктар боюнча. Менин билишимче 33 компания кең байлыктарды сыртка сатып жатат. Ошону караш керек. Үчүнчүдөн, «биздин балдар ооруп атат» деп айтып атасыңар. Анда улуттун ден соолугуна көңүл буруу зарыл. Улут, эл бар мамлекет бар. Анан барып туруп бийлик төбөлдөрү президент болот».
«Чек араны чечебиз дегенден кийин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында жерлерибиз тарып кетти. Канчалаган чакырымдар кетип атат. Ошон үчүн абайлагыла. Бул маселеде өтө катуу тургула. «Камбар-Ата — 1ди балким кошуна мамлекеттер менен салабыз» деп жатасыңар. Ал суунун башы. Кайсы өлкө менен салабыз деп атсаңар, анда бизди эгемендүүлүк өлкөдөн ажыратып салгыла. Биздин алтындан да кымбат суубуз, энергетика. Ошондуктан бул оюңардан кайткыла. Урматтуу, Садыр Нургожоевич. Сиз президенттик кызматка барып жатканда экөөбүз Ош шаарынын стадионунда, бүтүндөй элдин алдында кандай убадаларды бердик эле. Ошону аткарыңыз. Кээ бирлерин аткарып атасыз, бирок тескерисинче болуп атат».
Былтыр 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен бир убакта эле Конституциянын жаңы долбооруна жалпы элдик добуш берүү болду. Референдумга шайлоочулардын 37% катышып, алардын дээрлик 80% жакыны жаңы Конституцияны колдоп добуш беришкен. Жаңы Конституция боюнча өлкөдө президенттик башкаруу орноду, Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны кыскарды, аларды шайлоо системасы өзгөрдү.
Оставьте первый комментарий