Ижарага берилгенби же жеке менчиктеби? Кара-Суудагы талашка түшкөн жер

Кара-Суунун Шарк аймагынын Фуркат айылында тургундар Нурумамат ажы көчөсүндөгү жашыл зона болушу керек болгон тилкеде курулуш жүрүп жаткандыгына нааразы болуп чыгышты. Курулуштун ээси жер тилке анын менчиги экенин айтса, жергиликтүү бийлик ал жер ижарада экенин белгилеп жатат. 

Жашоочулардын айтымында жашыл зонаны тегеретип куюлган бетон жолдун четине чейин чыгып кеткен. Мындан улам, нааразы тарап жерди баштапкы максатта калтыруу талабын коюп жатат. Тагыраагы ал жерди жашылдандыруу керек.

«Биздин айылга келе турган суунун кууру ушул курулуштун астында калды. Кокус куурлар бузулуп калса, бул имаратты бузушабы? Жолго күн тийбей, кышы менен муз болот» — деди Шарк айыл өкмөтүнүн тургуну Зейнеп Имарбекова.

«Эми биздин талап бул жерди бузсун. Айыл өкмөт келип көрбөйбү? Жашагандарга зыяны тийет дебей баары унчукпайт. Айыл өкмөт корксо биз эмне дей алабыз анда. Бир жыйынтык чыгарып бербей жатат. Ушулардын баарын буздурсун, жакшына тазалатып, көрктөндүрүп берсин» — дейт тургундардын бири Салима Козумбетова.

Бирок, аталган тилкеде курулуш баштаган Нурмат Шакиров жер анын менчиги экендигин билдирип, айыл өкмөттү мыйзамсыз документ жасоодо айыптап жатат.

«Шарк айыл өкмөтүнөн 2008-жылы алган токтом менен үй курганмын. Мен Бишкекте жүргөндө Шарк айыл өкмөтү, мыйзамсыз документ жасаган. Кийин Башкы прокуратуранын биринчи орун басары кабыл алганда, айыл өкмөт коркконунан бизге кылмыш козголуп кетет, эч кимге айтпаң деп ошол документти бурмалап көрктөндүрүү деп койгон. Ал документ менин уйүмдүн токтомунун үстүнөн жасалып калган. Ал жерде менин үйүм жана каттоо кызматынан сызылган кагаздар бар» — дейт Нурмат Шакиров.

Ал эми, жергиликтүү бийликтин маалыматында бул 3,5 сотых жер быйыл июль айында Нурмат Шакировго 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Тилкеде курулуш курууга мүмкүн эмес.

«Нурмамат Шакиров тарабынан капиталдык курулуш жүргөндүгүнө байланыштуу, ал жерге барып мыйзам чегинде тийиштүү иш чаралар болду. Арыздардын негизинде азыр тергөөдө. Ал жерге курулуш курууга мүмкүн эмес. Азыр колундагы келишим бир тараптуу бузулганыгына байланыштуу айыл өкмөт тараптан келишимди жокко чыгарабыз. Тергөө аяктасын» — деди Шарк айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Кутман Сатыбаев.

Нааразы жарандар аталган жерге курулуш жүргүзүү канчалык мыйзамдуу экендигин тактоо үчүн Кара-Суу  райондук ички иштер башкармалыгына жана прокуратурага арыз менен кайрылышкан.

Прокуратура жер тилке боюнча тергөө иштерин жүргүзгөндөн кийин курулуш иштери мыйзамсыз деген тыянак чыккан. Мындан улам, прокуратура райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына жерди баштапкы багытында калтыруу боюнча сунуш берген.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*