Баткенде алгачкы жолу ташты кынап жол салынууда

Видеодон скриншот

Баткенде алгачкы жолу ташты кынап, жол салынууда. Бул жол Баткен районун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Дөбө айылында пилоттук негизде курулуп жатат. Жол ушул эле райондун Жаңы-Жер айылындагы заводдон чыгарылган таштар менен салынып жатат. Райондук бийлик үч чакырымга созулган бул ички жолдун курулушу менен жумуш орду да түзүлгөнүн маалымдады.

Экономикалык жактан бир чакырым асфальтка салыштырмалуу таш жолдо 1 миллион сомдой үнөмдөлөт. Ошондой эле аталган жолго башка өлкөдөн сырье керектелбейт. Кыргызстандагы гана жол каражаттары жумшаларын адистер белгилейт. «Кыргызжол» мамлекеттик ишканасынын №2 тейлөө мекемесинин жетекчиси Авазбек Мамаев сапаты жагынан асфальттан айырмасы жок деп түшүндүрдү.

«Асфальт кылыш үчүн материалды мисалы, бетумду чет мамлекеттен ташып келебиз. А бул жерде таш өзүбүздүн тоолордон жардырылып алынып, заводдо иштелип чыгып атат. Таштын калыңдыгы жети сантиметр болот. «Хово» жүк ташуучу автоунаага шагылды жүктөп, үстүнө чыгардык. Тизген таштарыбыз туруштук берип сынган жок. Ал автоунаа болжолдуу жүгү менен 30 тонна чыгат», -дейт ал. 

Алгачкы жолу Баткен районунун Дөбө айылынын ички үч чакырымдай жолу  жаңы ыкмада курулуп жатат. Аталган айылдын башчысы Түрдали Каланбеков жолдун курулуусунда айылдын көркү эле эмес, жумуш орундары да түзүлдү дейт.

«Ортосу машина өтө турган таш жол болот. Чекесин тротуар кылып атабыз. Мурда жолубуз топурак болгон үчүн, жаан жааганда ылай болуп турчу эле. Аыр эми жакшы болду, элге да жакты. Айылыбыз европадагыдай болуп жатат (сүйүнүп)».

Айылга жакынкы эле жердеги тоону жардырып, андагы ташты таш заводго алып келип жолго төшөөгө ылайыкташтырышат. Мындагы кызматкерлер маяна жакшы экенин айтып, жумуш орундары түзүлгөнүн билдиришти. Таш кесип иштеп жаткан Жаңы-Жер айылынын тургуну, төрт баланын атасы Набижан Атабеков ушул жерден тапкан кирешеси менен үй-бүлөлүк бюжеттин толуктайт. Ал буга чейин миграцияда жүрүп келген.

«Мурда эл катары Орусияга барып келчүбүз. Быйыл айылда болдум. Таш заводго жумушка орноштум. Ишканабыз токтобой эле иштеп турса жакшы. Көпчүлүк элге пайдасы тиет. Буюрса кийинки жылдан дагы жумуш орундары көбөйөт экен. Башкаларга да иш табылып калмак», -дейт Атабеков.  

Таш жол пилоттук негизде курулуп жатат. Адистердин текшерүүсүнөн ийгиликтүү өтө турган болсо, мындай жолдор республикалык деңгээлде салына баштайт. Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин айтымында, сырьё бекер келүүдө.

«Бул долбоор президенттин Баткен облусун жана Баткен районун өнүктүрүү программасынын алкагында жүрүп жатат. Буга жергиликтүү бийлик, Транспорт министрлиги демилгечи болуп, жол курулуп жатат. Сырье Дар айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы атылган таштардан алынып атат. Таш бекер», -дейт ал. 

Долбоор ийгиликтүү ишке аша турган болсо, мамлекеттин казынасын апайда агана алып келбестен, Кыргызстан сапаттуу жол менен  камсыз болорун жергиликтүү бийлик белгилейт.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*