Фактчек: Мурдагы депутаттар жана акимдер – Курултайдын аксакалдар кеңешинин тизмеги

Сүрөт: ktrk.kg

Кечээ, 25-ноябрда Бишкекте башталган биринчи эки күндүк Элдик Курултайда аксакалдар кеңешинин курамы бекитилип, төрага шайланды. Ага 1072 делегат катышууда.

Биздин редакция Элдик курултайдын төрагасы жана аксакалдар кеңешинин курамы менен таанышып көрдү.

Конституциянын авторлорунун бири

Элдик курултайдын төрагасы болуп Кадыр Кошалиев шайланды. Ал 1962-жылы 11-сентябрда Жалал-Абад шаарында туулган. «Кыргыз жолу» коомунун төрагасы. 2005-жылы «Ош-3000» мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директору болгон. Коомдук ишмер жана журналист катары таанымал.

Президент Садыр Жапаров 2020-жылдын ноябрь айында Конституциянын жаңы редакциясынын авторлорунун бири катары Кошалиевди атаган. Кийинчерээк 2021-жылдын февраль айында ал Конституциялык кеңешменин курамына кирген

Ал буга чейин коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамды колдоп, «бейөкмөт уюмдар улуттук идеологияны бузат» деп билдирген.

Мындан сырткары, 2020-жылы Кыргыз Республикасынын атын өзгөртүүнү сунуштаган.

Ал эми асакалдар кеңешинин курамына ар бир облустан жана Ош, Бишкек шаарларынан делегаттар шайланышкан.

Мурдагы акимдер, депутаттар, чиновниктер

Бишкек шаарынан Кадыр Кошалиев менен кошо Бейшенбек Абдыразаков кирген. Абдыразаков мурдагы депутат. Буга чейинки Жогорку Кеңешке өткөн шайлоодо бир мандаттуу Биринчи май шайлоо округунан талапкер болгон.

Ош шаарынан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, Эл агартуусунун отличниги Орозбек Акимбаев, Жогорку Кеңештин VI  чакырылышына 2020-жылы «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен мандат алган Улугбек Садиков кошулган.

Баткен облусунан аксакалдар кеңешине мурдагы акимдер кирди. 

61 жаштагы Баймурат Бекмуратов 2016-жылы Лейлек районунун акими болуп дайындалган. Ага чейин аталган райондо түрдүү кызматтарда эмгектенген. 2021-жылы май айында район акими кызматынан бошотулган.

Хайит Айкынов 2010-жылы Баткен облусунун Баткен районунун акими болгон. 2015-жылы Акыйкатчынын Баткендеги өкүлү болуп иштеген. Ал эми 2020-жылдагы шайлоого «Ат-Мекен» партиясынын тизмеси менен катышкан.

Жалал-Абаддан Бекболот Ибрагимов, Абдыразак Борбиевдер тандалган.

Бекболот Ибрагимовду ачык булактар партиянын Сузак райкомунун биринчи секретары, 2013-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциациясынын (ЖӨБ) төрагасы катары көрсөттү. 

Нарындан Дамира Ниязалиева менен Токтосун Казиев кирген.

Дамира Ниязалиева, 2007- жана 2010-жылдан 2014-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2010-жылы убактылуу өкмөттүн тушунда Саламаттыкты сактоо министри, 2014-жылы вице-премьер-министр болуп дайындалган.

Ал эми Токтосун Казиев Борбордук Шайлоо комиссиясынын Ак-Талаа районундагы өкүлү катары көрсөтүлгөн.

Таластан Талантбек Игилов, Абдыкадыр Султанбаев тандалган.

Талантбек Игилов жөнүндө маалымат ачык булактардан табылган  жок. Ал эми Абдыкадыр Султанбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун төрагасы болуп иштеген. 

Чүй облусунан  Каныбек Сарымсаков менен Анарбек Шаршеевдер аксакалдар кеңешине кошулган.

Каныбек Сарымсаков «Ынтымак» коомдук фондунун төрагасы, КМУнун окутуучусу катары көрсөтүлгөн. Анарбек Шаршеев Кегети айылдык кеңешинин башчысы, жана 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоого «Күчтүү регион» партиясынын тизмеси менен катышканын көрүүгө болот.

Белгисиз адамдар 

Ош облусунан Абдибаит Зулпуев, Шергузу Тойчиевдер кирген. Ысык-Көлдөн Калмурза Эсентуров, Дүйшөнбек Карымшаков. Алар боюнча ачык булактарда маалымат табылган жок. 

Жыйынтык: Курултадын аксакалдар кеңешинин курамынын басымдуу бөлүгүн саясатчылар жана чиновниктер түзөт. 

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*