«Өнөктөш өлкөнүн ички ишине кийлигишүү». Талиева Мамдуманын депутатына жооп кайтарды

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Орусиянын мамлекеттик думасынын эл аралык иштер комитетинин жетекчи орун басары Светлана Журованын  Бишкектеги райондордун аталышын кыргызчага өзгөртүү тууралуу билдирүүсүнө жооп берди. Депутаттын пикири Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

«Кыргызстан эгемендүү, көз карандысыз мамлекет катары биримдик менен ынтымакка негизделген баалуулуктарды карманат. Баш мыйзамыбызда Кыргызстандын элин бардык этностордон турган Кыргыз Республикасынын жарандары түзөөрү баса белгиленип, бизде гана орус тили расмий тил макамына ээ. Андыктан Орусиянын мамлекеттик думасынын депутаты Светлана Журованын эл аралык эрежеге туура келбеген, мамлекеттик алакаларга көлөккө түшүргөн жана өнөктөш өлкөнүн ички ишине кийлигишкен билдирүүсү негизсиз экенин белгилейм. Анткени, орус тилинин Кыргызстанда орду өзгөчө, мыйзамдарыбыздан баштап, көчөдөгү көрнөк-жарнактарыбызга чейин мамлекеттик тилибиз менен катарлаш колдонулуп келет.

Талиева Журованын сөзүн өнөктөш өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары баалап, жер-суу аттарын өзгөртүү Орусиянын өзүндө да болуп келерин белгиледи.

«Административдик-аймактык аталыштарды, анын ичинен Бишкек шаарындагы райондордун аттарын өзгөртүү тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин демилгеси тууралуу айтсак, бул эгемен мамлекетибиздин ички иши жана Кыргызстан менен Орусиянын алакасына эч кандай тиешеси жок. Себеби айыл-шаарлардын атын өзгөртүү демилгеси Орусиянын өзүндө да ийгиликтүү ишке ашырылып, Свердловск шаары Екатеринбург, Ленинград шаары Санкт-Петербург деп жаңыртылганы баарыбызга белгилүү. Мындай өзгөртүүлөр көп улуттуу Совет мезгилинин учурунда да жүргүзүлүп келген. Андыктан антиорусиялык маанайды калыптандырып, байыркы кыргыз эли менен улуу орус элинин достук, стратегиялык өнөктөштүк жана тыгыз кызматташтык мамилесине терс таасир берүүчү пикирлерди айтуудан алыс болууга чакырам».

Светлана Журова Бишкектеги райондордун аталышын кыргызчага өзгөртүү өлкөдөгү «орустардын укугун бузат» деген пикирин «Москва сүйлөйт» үналгысына курган маегинде билдирдирген. Ал Орусия менен Украинанын чатагы да «мамлекеттик тил маселесинен улам башталган» деп белгиледи.

25-ноябрдагы Элдик Курултайда парламент төрагасы Нурланбек Шакиев борбор калаадагы райондордун аталыштарын өзгөртүүнү сунуштаган.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*