Болот Темировду депортациялоо. Юристтер БУУнун комитетине кайрылат

Кыргызстандан күч менен чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жактоочулары Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылат. Бул тууралуу адвокат Бактыбек Автандил уулу билдирди.

Автандил уулунун айтымында, Темировдун депортацияланышы улуттук жана эл аралык мыйзамдарга каршы келет. Эч бир мамлекет өз жаранын башка өлкөгө куубайт. Юристтер журналисткке  карата чыгарылган өкүм боюнча Кыргызстандагы бардык сот инстанцияларга апелляциялык арыз беришет. Андан соң гана БУУнун комитетине кайрылышат.

Эске салсак: Болот Темиров 23-ноябрдын кечинде Манас аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана аны күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коштоп кетишкен. Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган.

Темиров сот өкүмүн бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 24-ноябрдагы жыйынында Темировду депортациялоо чечимин сот кабыл алганын, ага чейин ИИМ тергөө иштерин жүргүзүп, прокуратура да бекиткенин билдирди. Бул ишке өзүнүн жана УКМКнын тиешеси жоктугун айтты.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар, АКШнын Мамлекеттик департаменти да Темировдун депортацияланышын сындаган билдирүү тараткан.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR) уюму Болот Темировдун Орусияга депортацияланышын анын журналисттик ишмердүүлүгү жана жогорку деңгээлдеги коррупцияны иликтегени үчүн өч алуу катары айыптаган. Уюмдун башчысы депортация тууралуу чечим жокко чыгарылып, Темировго Кыргызстанга кайтууга жана журналисттик ишмердүүлүгүн куугунтуксуз улантышына уруксат берилиши керектигин белгилеген.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*