Депутат Эмил Жамгырчиевди УКМК кармап, кайра кое берди

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев 27-ноябрага оогон түнү УКМК тарабынан карамалып, кайра кое берилди. Бул тууралуу эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, депутаттар Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрмө бекети аркылуу тажияга бара жатышкан. «Өтүп бара жатканда Жамгырчиевдин сыртка чыгышына тыюу салуу бар экени билинген.

УКМКнын басма сөз катчысы Күмүшбек Шабданов Эмил Жамгырчиевдин кое берилгенин «Т-Медиага» ырастады. Бирок эмне себептен кармалганы тууралуу маалымат берген жок. Ал эми Чыңгыз Айдарбековду тактап жатканын кошумчалады.

Эске салсак: Жогорку Кеңеш 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берген.

Каршы добуш бергендердин катарында Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков болгон.

Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимге каршы добуш берген депутаттарга коркутуу болуп жатканын айткан.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*