Курултайдын резалюциясында кимдерге кандай сунуштама жазылды?

Кыргызстанда 25-26-ноябрда элдик курултай өткөрүлүп, жыйынтыгында 40ка жакын сунуштан турган резалюция кабыл алды. Анын басымдуусу министрлер кабинетине, калганы Жогорку Кеңеш, Сот органдары жана Башкы прокуратурага.

Эреже боюнча Элдик курултайда айтылган сын-пикирлер, сунуштардан кийин чечим кабыл алынып, ал мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштама катары жиберилет.

Жогорку Кеңешке сунуштама:

  • 2023-жылдын май айына чейин «Элдик Курултай жөнүндө» мыйзамды кабыл алуу;

Министрлер Кабинетине сунуштама:

  • Кошуна өлкөлөр менен талаштуу болгон аймактарды тез аранын ичинде чечип, делимитация жана демаркация иштерин жүргүзүү;
  • Мамлекеттүүлүккө кооптуу кырдаалдарды жараткан коргонуу, чек ара, маалыматтык-идеологиялык, экономикалык, энергетикалык, экологиялык, демографиялык, тамак-аш ж. б. коопсуздуктарын алдын алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды көрүү;
  • Илим-билим, технология-инновация, санарип тармагын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорлоруна артыкчылык берилип, тийиштүү каражаттардын бөлүнүшүнө шарт түзүү зарылчылыгын белгилөө;
  • Делегаттар сунуштаган авариялык абалдагы мектептерди, ооруканаларды, бала бакчаларды, маданият үйлөрүн капиталдык оңдоолордон өткөрүү үчүн аларды республикалык бюджетке киргизүү жана курулуш иштерин баштоо;
  • Административдик-аймактык бирдиктерди оптималдаштыруу, аларда башкаруунун жаңы ыкмаларын киргизүү;
  • Иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү;
  • Мектептик билим берүүнү модернизациялоону улантуу, жогорку кесипкөй педагогдорду даярдоо үчүн шарттарды түзүү механизмдерин өркүндөтүү;
  • Атайын орто окуу жайларынын жана жогорку окуу жайларынын студенттерин практикалык окутууда жумуш берүүчүлөр менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты күчөтүү;
  • Улуттук жана жергиликтүү деңгээлде калктын санын жана калктын кыймылынын көрсөткүчтөрүн баалоонун сапатын жогорулатуу үчүн жашаган жери боюнча маалыматтарды берүүнүн тиешелүү механизмдерин түзүү;
  • 2040-жылга чейинки демографиялык саясат концепциясын иштеп чыгуу;
  • Шаардык жана айылдык инфраструктураны (транспорт, канализация, суу менен камсыздоо, калдыктардын бардык түрлөрүн тазалоо жана кайра иштетүү) өнүктүрүү;
  • Пенсия курагында калктын санынын прогрессивдүү өсүшү күтүлүүдө, ушуга байланыштуу калктын жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө алып келбөө үчүн пенсия менен камсыз кылуунун учурдагы системасын ресурстук толтуруу проблемаларын чечүү;
  • Энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн азайтуу максатында кош бойлуу аялдарды перинаталдык жардам менен толук камтууну камсыз кылуу жана генетикалык патологияларды эрте аныктоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү;
  • Энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууну камсыз кылуу;
  • Электр энергиянын ички керектелиши жылдан жылга өсүп жаткандыктан энергия иштеп чыгуучу кубаттуулуктарды куруу;
  • Жаңы альтернативдик энергия булактарын пайдалануу. Өлкөнүн суу-энергетикалык потенциалын толук колдонуу менен бара-бара импортточудан экспортоочуга өтүү жана Борбордук Азиядагы маанилүү транспорттук энергетикалык түйүнүнө айлантуу;
  • Тоо-кен иштерин ачык-айкын жүргүзүүгө өбөлгө түзүү жана өнөр жайга инвестицияларды тартуу;
  • Мамлекеттин, тоо-кен бизнесинин жана жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарынын балансын сактоого багытталган мамлекеттик жөнгө салуу механизмин ишке ашыруу жана илгерилетүү;
  • Өнөр жайдын артыкчылыктуу тармактарын узак мөөнөттүү бюджеттик субсидиялоонун механизмдерин киргизүү;
  • Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу өндүрүштөрдү уюштурууда инженердик инфраструктура менен камсыз кылууга көмөктөшүү;
  • Өлкөнүн чакан-орто бизнесине жана жеке ишкердигине колдоо көрсөтүүнү жана өнүктүрүүнү күчөтүү;
  • Тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченемине ылайык алардын болушуна, жеткиликтүүлүгүнө жана коопсуздугуна негизделген, керектүү өлчөмдөгү тамак-аш азыктары менен калкты камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү;
  • Кытай тарап менен биргеликте экспортту өнүктүрүү боюнча иш- аракеттер планын иштеп чыгуу;
  • Кыргызстандагы мөңгүлөрдү коргоо, табигый жаралган нукура турушун сактоо үчүн узак мөөнөттүү экологиялык программаны иштеп чыгуу;
  • Электрондук сооданы өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүү;
  • Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн арзан жана жеткиликтүү көлөмдөгү финансылык каражаттар менен камсыз кылуу;
  • Өстүрүлгөн айыл чарба продукциясын экспорттоого шарт түзүү үчүн жаңы рынокторду ачуу боюнча иш алып баруу;
  • Мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө сандан сапатка өтүүгө көңүл буруу;
  • Токтоп турган кайра иштетүүчү ишканаларды жандандыруу жана жаңы ишканаларды ачууну колго алуу;
  • Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ата мекендик селекциясын жана үрөнчүлүктү өнүктүрүү;
  • Күрдүүлүгү төмөн жерлерди өздөштүрүп, айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүү;
  • Айылдарды таза суу менен камсыз кылуу иштерин жана ирригациялык иштерди аягына чыгаруу үчүн бирдиктүү иш-чаралар планын иштеп чыгуу;
  • Кыргыз жарандарын тиешелүү жер участоктору менен камсыз кылуу үчүн атайын комплекстүү иштерди жүргүзүү.

Жогорку сотко жана Башкы прокуратурага сунуштама:

  • Кыргыз жарандарынын кайрылууларын, даттанууларын дыкат карап, адилеттүү жана калыс жыйынтыктарды чыгаруу;
  • Шектүү катары кармалган жарандардын иштерин узакка созбой, кыска мөөнөттө карап чыгуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу жана өндүрүшкө киргизүү.

Биринчи Элдик Курултайга ар бир аймактан шайланган 1036 делегат, конфессиялык коомчулуктан 10 делегат, мигранттардан 26 делегат катышты. Президент Садыр Жапаров курултайдын экинчи күнүндө делегаттардан мектеп жана бала бакча көйгөйүн көтөрбөөнү өтүнгөн.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1345 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*